Сүйүү тууралуу 10 кызыктуу факт
Биз үчүн сүйүү табышмактай сезилет. Бирок окумуштуулар аны эбак эле изилдеп, биз билбеген кызыктуу фактыларды аныкташкан. Анда эмесе, сүйүү тууралуу буларды билип алгыла.
Факт №1
Көрсө сүйүү сезими курсакта пайда болот экен. Сүйгөн адамыңды көргөндө, ичиң жылып, толкунданып, ууртуңда жылмаю пайда болот. Буга илимий түшүндүрмө бар. Ал учурда биздин организм адреналин бөлүп чыгарат. Ошонун айынан ичибизде көпөлөктөр учуп жүргөндөй, же салют аткандай сезим жаралат.
Факт №2
Маңзаттар организмге кандай таасир этсе, сүйүү так ошондой таасир берет. Сүйүүгө кабылган адамдын мээсинде укмуштуудай тездик менен түркүн реакциялар жүрүп, алар эйфория сезимин тартуулайт.
Факт №3
Сүйүшкөндөрдүн көздөрү бири-бирине кадалганда, алардын жүрөктөрүнүн согушу синхрондошот. Башкача айтканда бирдей ыргакта согуп баштайт.
Факт №4
Шоколад менен махабат экөө тыгыз байланышкан. Көпчүлүк айымдар жакшы көргөн таттуунун курамында фенилэтиламин бар, ал жактыруу эмоциясына жооптуу экен.
Факт №5
Адамга сүйүп калуу үчүн болгону 4 мүнөт жетиштүү. Кызыгы, алгачкы төрт мүнөттө чечүүчү факторлор болуп айтылып жаткан сөздөр эмес, үндүн тембри, кишинин кыймыл аракети маанилүү.
Факт №6
Сүйүп калган кишинин мээсинде электр тогу сымал реакциялар жүрүп, ал жактырган кишисине сын көз караш менен карай албайт. Махабаттын торуна түшкөн адам, жалпы абалга да объективдүү баа бере албай калат. “Анын эмнесин сүйүп калды, түшүнбөйм”, деп айтабыз го кээде.
Факт №7
“Тартылуу фрустрациясы” деген феномен жөнүндө уктуңар беле. “Тартылуу фрустрациясы” деп жуптардын бири экинчисин таштап кеткенде, биринчиси мурда көңүл бурбай жүргөн адамын сүйүп жүргөнүн түшүнгөн учур аталат экен.
Факт №8
“Жаралуу жүрөк” деген сөздү айтып калабыз, бул метафорага да илимий негиз бар. Сүйүүсү жоопсуз калган адамдын жүрөгү кысылып, деми кыстыгат. Айрым учурларда жүрөк булчундары чындап эле жаракат ала турганын медиктер тастыкташкан.
Факт №9
Өбүшүп жаткан учурда сүйүшкөндөрдүн дем алуусу үч эсеге тездейт.
Факт №10
Көп жыл бирге жашаган түгөйлөр бири-бирине бир туугандардай окшош болуп калышат.
Жактыбы? Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа!