// //

Гематома бар экен, ичимдеги балага зыяны жокпу? Гинеколог айтып берет

2020.08.10, 15:12
2865

Саламатсызбы. Мен кош бойлуумун, 18-19 жума болуп калды. УЗИге түшсөм, гематома бар экен деди, көлөмү 82мм х 52мм х 25мм экен. Мунун балага зыяны жокпу? Гинекологго кайрылсам “Васклор гель” колдоно бер деди. Дагы эмнелерди жасашым керек?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
10.08.2020, 15:14

Жамиля Сагинова

Гинеколог-эндокринолог

Саламатчылык. Ретрохориалдык гематома — бул жатын менен түйүлдүктүн былжыр челинин ортосунда кандын уюп калышы.

Сиз жазып жаткан көлөм 18-19-жума үчүн бул өтө чоң гематома. Анын жок болуп кетери күмөн.

Тилекке каршы, мындай гематома менен төрөткө чейин бойго көтөрүү мүмкүн эмес. Адатта кош бойлуулук өзү эле үзгүлтүккө учурайт. Ал эми гематома кичирээк болгондо, аны көзөмөлгө алып, дарылоого аракет кылабыз.

Гематоманын себеби тромбофилия деген топко кирген оорулар. Бул жалпы аталышы. Анын ичинде көптөгөн себептери бар.

Сиздин кырдаалда дарыгердин айтканын аткара берүүнү сунуштайм. Эгер кан кетсе дароо төрөт үйүнө кайрылыңыз. Кош бойлуулукту сактап калуу чечимин доктурлар кабыл алышат.

Ден соолукта болуңуз!

Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Бул жерден адистин башка суроолорго берген жоопторун окусаңыз болот:

Боюмда бар, демим кысылып жатат, бул нормалдуубу же доктурга көрүнүшүм керекпи?

УЗИге түшсөм баланын башында суусу бар деди. Ал эмне дегенди билдирет?

Кош бойлуумун бирок кан кетип жатат. Доктурга кайрылсам боюмдан алып салбайбы?

Разрыв болгом, тиктирген жерим ажырап кетиптир, кайра тиктирсем болобу?

Уул төрөгөүм келет, кандай ыкмаларды кылсам болот? Гинеколог жооп берет

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт