Ата-энем баскан турганымды, жеген тамагымды көзөмөлдөйт. Эмне кылышм керек?
Мен 23 жаштамын. Ажырашкам, азыр ата-энемдин үйүндө турам. Мени ойлондурганы, ата-энем мени 15 жаштагы өспүрүмдөй көрүп, ошондой мамиле кылганы. Баскан турганымды, жеген тамагымды, жада калса дем алганымдан өйдо контролдоп турушат.
Бир максатты көздөп, аны ишке ашырайын десем эле, аны кылба, муну жасаба, деп тыйып турушат. Эч жака жиберишпейт. Досторум менен жолугушуп келейин десем, каршы чыгышат, жиберишсе, улам-улам телефон чалып турушат. Коркуп отуруп үйгө барам. Алардын айтканы менен болом, өз эрким менен эч нерсе кыла албайм.
Ажырашып кеткенден кийин стресс болдум, депрессияга түштүм. Күйөөгө тийгим келчү эмес. Бирок адамдардын мамилеси өзгөрүп, ойлору бузулат экен. Кайра эле күйөөгө чыгып кетсемби, деп да ойлонуп калдым. Бул оюма ата-энем так секирип, каршы чыгышты.
Менин күндө уга турган сөзүм, “сенден пайда жок”. Ишеничтен чыккыдай деле эч нерсе кылган жокмун. Канткенде, алардын жүрөгүн тынчытып, мага болгон ишеничтерин арттыра алам?
Мария Самсонова
Психолог
Саламатчылык. Эгер сиз ата-энеңиздин ишеничин, алардын үмүтүн актагыңыз келсе, анда өз жашооңузду эмес, алар сизден күткөн жашоону жашаган болуп каласыз. Мунун бир жакшы артыкчылыгы бар, кокус турмушуңуз оңунан чыкпай калса, күнөөнү кимге оодарышты билесиз.
Эгер сизге мындай вариант туура келбесе, анда, кимдир бирөөнүн үмүтүн актайм, деген максаттан баш тартыңыз. Сиз бой жетип калган, чоң эле адамсыз. Мындан аркы жашооңуз кандай болот, аны өзүңүз гана чечишиңиз керек.
Бирок, ата-энеңиздин сизге өспүрүм балага жасагандай мамиле кылып жатканы жөн жерден болбосо керек. Алар сизге чоң кишидей мамиле кылышын кааласаңыз, өзүңүздү чоң кишидей алып жүрүңүз да. Ал үчүн алгач, ата-энеден көз каранды болгонду токтотуу керек, биринчи кадам, бөлүнүп жашоо, башкача айтканда жоопкерчиликтин бардыгын өз мойнуңа алуу.
Акыркы чечим сиздики. Тандаңыз.
Мария Самсонова менен инстаграмдагы @samsonova.psiholog баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жактан псхологдун башка кеңештерин окусаңыз болот:
Апамдын каза болушуна атамдын салымы чоң. Кантип аны кечирем?
Жигитим менден 11 жаш улуу. Жаш айрымачылыгыбызкийин көйгөй жаратпайбы?
Эл алдына чыгып сүйлөгөндөн корком. Коркоктугумду кантип калтырам?
Күйөөм интернеттен кыздар менен сүйлөшө берет. Бул оорубу эмне?