Айыл өкмөт күйөөмө берген жерди башкага өткөзүп коюптур
Саламатсызбы! Күйөөмө айыл өкмөттөн жер участок берилген болчу. Аны кайра башка бирөөгө өткөзүп жибериптир. Кантип укугубузду коргоп жана кайтырып алсак болот? Сотко арыз жазсак болобу?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Сотко кайрылуудан мурун силер сотко чейинки баскычты өтүшүңөр керек, бир канча жагдайларды тактоо зарыл.
Силерге жер берүү боюнча айыл өкмөттөн токтом чыгарылганбы? Жердин башка бирөөгө жер берилип кеткенин кайдан билдиңер? Бул боюнча расмий кагаз барбы же жөн эле сөзбү?
Жагдайды тактоо боюнча арыз менен айыл өкмөткөн жана мамлекеттик каттоого кайрылгыла. Эгерде тактоонун жыйынтыгында жериңер чын эле башка бирөөгө берилип кеткен болсо, анда кандай документтердин негизинде берилгендигин аныктоо керек. Ушулардын баары билингенден кийин гана сотко эмне деп жана кайсыл документти жокко чыгаруу керек экендиги боюнча кайрылуу керек экендиги белгилүү болот.