// //

Жыныс мүчөмө герпес чыгып кетиптир, эмне кылышым керек? Гинеколог жооп берет

2020.08.10, 11:00
2125

Саламатсызбы. Менин суроомо да жооп алып берүүнү өтүнөм. Асты жагым ичине чейин герпес болуп кетиптир. Мен кош бойлуумун. Бул эмнеден улам чыгат? Балага зыян эмеспи? Эмне кылышым керек?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
10.08.2020, 11:04

Жамиля Сагинова

Гинеколог-эндокринолог

Саламатчылык. Тилекке каршы, герпес кош бойлууларда көп эле кездешет. Бул иммунитеттин түшүп кетүүсүнө байланыштуу.

Алгач, герпестин Ig, M,G иммуноглобулиндерине кан тапшырышыңыз керек, андан кийин вируска каршы терапия алуу зарыл.

Сиздин жазганыңызга караганда сизде көп сандагы герпес (множественный). Мындайда, кош бойлуулугуңуздун мөөнөтү маанилүү. Эгер бир нече эле жума болсо жана герпеске биринчи жолу туш болсоңуз, бул ичтеги түйүлдүк үчүн кооптуу.

Эгер төрөткө аз калганда пайда болсо, доктурлар сизге кесердик кесүү аркылуу төрөтүү вариантын сунушташат. Себеби табигый жол менен төрөткөндө балага жугузуп алышыңыз турган иш.

Аман-эсен көз жарып алыңыз.        

Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Бул жерден адистин башка суроолорго берген жоопторун окусаңыз болот:

Боюмда бар, демим кысылып жатат, бул нормалдуубу же доктурга көрүнүшүм керекпи?

УЗИге түшсөм баланын башында суусу бар деди. Ал эмне дегенди билдирет?

Кош бойлуумун бирок кан кетип жатат. Доктурга кайрылсам боюмдан алып салбайбы?

Разрыв болгом, тиктирген жерим ажырап кетиптир, кайра тиктирсем болобу?

Уул төрөгөүм келет, кандай ыкмаларды кылсам болот? Гинеколог жооп берет

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт