// //

Күйөөмдүн кызыма айткан сөзүн угуп жашып жибердим

2020.08.08, 13:34
13359

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет кыздары десе ичкен ашын жерге койгон ата жөнүндө баян жарыялайбыз. 

"Ажырашуу уят эмес!"

Кыздуу болгондон кийин “дерзкий” күйөөм таптакыр өзгөрдү. Көчөдө баягыдай эле, сыр билгизбей жүрөт. Ал эми үйгө келгенде кыздарыбыздын айткан сөзү менен болот. Үчөө отуруп алып чачтарын жасашат, куурчактарга көйнөк тигишет, тырмактарын боешет, татуу токоч бышырышат.

“Муйдусунан иий” деп эркелетип жатканда, кокус достору чалып калса, “Угуп жатам!” деп  олуттуу жооп берет. Аны көрүп алып боорум эзилип калат.

Кыздарын эмитеден эле кызганат. Бир жолу атракционго бардык. Кичинекей балдар кыздарыбыздын жанына келип бир нерсе деп сүйлөп калса, же колун кармап койсо, ордунан тура калып жатты. “Кой, кой”, “бар, ары ойно”, “эй, колун эмне кармап жатасың?” ж.б. 

Бир жолу мындай окуя болду.

Улуу кызыбыз биринчи класста окуйт. Сабактан келип эле атасына чуркап барды.

- Ата, күйөөң сени урса, демек сүйөбү?

- Ким айтты?

- Маршурткадан эки эже сүйлөшүп келишти.

- Эмне дешти?

- Күйөөң кээде кол көтөрүп койсо эч нерсе болбойт. Сүйгөнү үчүн кызганып урат дешти.

- Кызым, келчи жаныма.

Тизесине отургузуп башынан сылады.

- Кызым, акылсыз жана алсыз эркек гана аялына кол көтөрөт. Ажырашуу уят эмес! Сени сыйлабаган адам менен жашоо уят! Бир жолу кол көтөрдүбү, болду кетип кал, өзүңдү-өзүң эле сонун багасың. Эч качан, угуп жатасыңбы, эч качан өзүңдү басынтууга жол бербе! Сен өзүң каалагандай жашоого, бактылуу болууга укутуусуң. Эгер күчүң жетпей баратса, артыңда мен бар экенимди унутпа. Барагой, кийимдериңди алмаштырып кел, чай ичебиз.

- Ата.

- Оу.

- Ошондо, тиги эжелер калп айттыбы?

- Андай адамдардын сөзүн укпа, жүрөгүңдү ук.

Экөөнүн сүйлөшүп жатканын көрүп жашып жибердим. Ичимен бардык аталар ушундай болсо, бактысыз айымдардын саны азаят беле, деп ойлоп койдум. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Чоң атамдын контракт төлөөгө шарты жок, "окутам" деген жигитке кыздыгымды бердим

Күйөөм кызыбызга сүйгөнүнүн атын койгонун кайын эжемден уктум

Баламды кайын эжеме таштап Москвага кетсем, сууга агып чарчап калыптыр

Үйлөнөйүн десем мага жаккан кыз жоолук салынууга макул болбой койду

Жигитим "ата-энеңе акча салба" деп айлыгымды алганга шашылат

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт