Кумар ойногон жерлерди арыз жазып жаптырса болобу?
Кумар оюндарын ойногон жерлерге арыз жазса болобу? Жездемдин башы казинодон чыкпай калды. Кайда кайрылсак керек?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман, Кыргыз Республикасында мыйзам менен кумар оюундарына тыюу салынган.
Тактап айтканда Кыргыз Республикасында кумар оюн ишине тыюу салуу жөнүндөгү мыйзамынын 2-беренесинин 1-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасында кумар оюн ишине, анын ичинде интернет желеси жана маалымат-телекоммуникациялык байланыш каражаттары аркылуу ойнотууга тыюу салынат".
Ушул эле берененин 2-бөлүгүндө "Юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге кумар оюндарына катышуу үчүн, анын ичинде интернет желеси аркылуу өткөрүлүүчү акча каражаттарын кабыл алууга тыюу салынат" деп көрсөткөн.
Демек, КРда эч кандай кумар оюндары ойнолбошу керек. Сиз Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына арыз менен кайрылсаңыз болот.