// //

Күйөөмдүн кызы атасын кызганып жанынан чыкпайт. Эмне кылыш керек?

2020.08.06, 12:58
1568

Саламатсызбы. Менин да суроомду чыгарып коюңузчу? Мен 22 жаштамын, күйөөгө тийгем. Жолдошум биринчи аялы менен ажырашып, кичүү кызы биз менен калган.

Кыз төрт жашта. Атасын кызганып жанынан чыкпайт. Кечинде, кет, өз бөлмөңө жат, деп жатып, араң жаткырабыз. Менин кызымды да катуу кармап кетип эле, бирдеме боло берет.

Биринчи аялы менен ажырашалы, деп сотко барса, болбой койду. Бизде ЗАГС жок, кызымдын метиркасын ала элекпиз.

Турмушка чыкканыма өкүнүп, өзүмдү жей баштадым. Апам тийбей тур, дегенине карабай кетип калдым эле. Эмне кылсам болот? Психологдон кеңеш алып бергилечи сураныч?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
06.08.2020, 12:59

Карлыгаш Акимкулова

Психолог

Саламатчылык. Ойлоруңуз чаташып, белгисиздик, келечегим эмне болот, деген коркуу сезими сизди эзип жатат. Күйөөңүздүн аялы болууга макул болдуңуз, бирок никеңерди расмий түрдө каттай элексиңер. Анткен менен факт жүзүндө бирге жашап, бирге тиричилик көрүп, балалуу болууга да жетиштиңер. Ал эми биринчи аялы менен ажырашуу бул убакытты талап кыла турган процесс. Болгону аны кийинкиге калтырып койбой, эртерээк чечүүгө аракет кылгыла.

Биринчи никесинен калган кызы тууралуу айта турган болсом, аны түшүнүүгө аракет кылыңыз. Бала энесинен ажырап калды. Азыркы шартта атасы анын эң жакын адамы. Сизге көнө элек, кыз үчүн сиз чоочун кишисиз.

Аны менен жылуу мамиле куруу сиздин кызыкчылыгыңызда. Албетте, жакшы көр, деп эч ким талап кое албайт. Башка бирөөнүн баласын чын дилиңен жакшы көрүү оор. Сизден болгону түшүнүү, жылуу мамиле жана сабырдуулук керек.

4 жашка келип калган өз балдар деле ата-энесин кызганышат. Эркек балдар атасын апасына жолотпойт, кыздар тескерисинче. Көпчүлүгү экөөнү ортосуна жатып алганды жакшы көрүшөт. Бул 4 жаштагы бардык балдарга тиешелүү жүрүм-турум.

Акырындык менен бул адаты калат. Атасы аны аябай жакшы көрөрүн сиз да, атасы да улам-улам айтып тургула. Сиздин кызды сиңдиси, кийин аны эже, деп айтат, азырынча ал кичинекей, ага кам көрүш керек, деп түшүндүргүлө.

Жөнөкөй үй-бүлөдө деле улуу балдар кичүүлөрүнө кызганышат. Ата-энесинин көңүл бурууусу үчүн атаандашышат. Ал эми сиздин ситуацияда бул өзгөчө курч болуп турат.

Сизге күч-кубат жана сабырдуулук каалайм. Бактылуу болуңуз.

Карлыгаш Акимкулова менен инстаграмдагы @psihoanaliz_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Балага тарбия берүү тууралуу кызыктуу макалаларды бул жактан окусаңыз болот:

Уулум атасынын жок экенин билбесе экен деп, каалаган оюнчугун алып берем

Үч жаштагы балам чочосун кармай берет, кантип койдурам? Психологдун кеңеши

Ата-энем мигрант, таежем жини келгенде мени себепсиз эле уруп салчу

Жерге жата калып ыйлаган балдарга кыжырым келчү, эми өзүмдүн балам так ошондой

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт