Келинчегимдин менден балдарды талашууга укугу барбы? Адвокат жооп берет
Менин жашым 30да, 2014-жылы үйлөнгөм, үч балам бар. Улуусу төрт жашта, кичүүсү беш айлык. Келинчегим экөөбүз ажырашууга аргасыз болуп турабыз. Балдарды мага таштайм дейт. Таштап кетсе, кийин менден талашууга укугу барбы?
Ширин Алмазова
“Линия защиты” коомдук фондунун адиси, адвокат
Саламатсызбы. Мындайда өзүңөрдүн ич ара сүйлөшүп, макулдашып алганыңар жетиштүү.
Кааласаңыз сотко кайрылыңыз. Сот балдардын 18 жашка чыкканга чейин туруктуу жашай турган жерин аныктап соттун чечимин чыгарып берет. Соттун чечими чыккандан кийин эч ким сизден балдарды талаша албайт.
Адвокат Ширин Алмазова менен @almazova__s инстаграм аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.
Адвокаттын башка суроолорго жоопторун бул жерден окусаңыз болот:
Мурунку аялым кызым менен жолуктурбайт. Эмне кылышым керек?
Балам мектептен колун сындырып алды, кимде жоопкерчилик? Адвокат жооп берет
Күйөөм мени сабачу, эми милицияга арыз жазсам болобу? Адвокат жооп берет
Кызымды кайын эжеме жаздырууга каршымын. Менсиз өткөрүп албайбы?