Келинчегим апама эч эле жакпай койду. Экөөнү кантип элдештирем?
Үйлөнгөнүмө үч жылдын жүзү болду. Тилекке каршы, наристелүү боло элекпиз. Сурайын дегеним, апам келинчегимди такыр эле жактырбай койду. Жасаган жумушу жакпайт, мамилеси жакпайт, кыймылы жакпайт. Бир нерсе болсо эле ким жаман, келинчегим жаман.
Келинчегим колунан келген аракетин кылат, каяша айтпайт. Акыры көңүлүм калды, деп кетип калды.
Үй-бүлөдө төрт уул, бир кызбыз. Менден кийин үйлөнө элек эки иним бар.
Кандай кылып жубайым менен апамды ынтымакка келтирем? Эки ортодо жүрүп айлам калбады. Ар кандай жол жобосун жасадым, болгон жок.
Бөлүнүп жашайын десем, апам капа болуп жатат, аялыңды ээрчип кетесиң деп. Өз алдынча болуп, өзүмдү-өзүм каржылашыма да тоскоолдук кылууда.
Кантип бөлүнүп, өз жашоомду өткөрсөм болот?
Алдын ала, рахмат.
Бейшен Джумабеков
Психолог
Сиз туура жолдо баратасыз. Ар бир адам 17-18 жаштан кийин ата-энесинен бөлүнүп, өзүнчө жашаганды үйрөнүүгө тийиш. Үй-бүлөсү бар кишилер андан бетер.
Билесизби, “эки кочкочрдун башы бир казанда кайнабайт” деген сөз бар. Анын сыңары, бир ашканага эки кожойке батышпайт.
Сиздеги негизги маселе, ата-энеден бөлүнүп жашоо жана үй-бүлө куруу. Сиз да бир үйдүн ээси болуп, өз үйүңүзгө кожоюн болушуңуз керек.
Мындай чечим башкаларга (анын ичинде апаңызга) жагабы же жакпайбы, бул маанилүү эмес. Тегеректегилердин оюна, пикирине, каалоосуна таянбаңыз.
Сиз, бой жетип калган чоң кишисиз. Ооба, апаны ар дайым сыйлоо керек. Бирок, эркек киши чечимди өз алдынча кабыл алат. Өзүңүздүн жана үй-бүлөңүздүн кызыкчылыгып коргоп, жоопкерчиликти моюнга алганды үйрөнүңүз.
Азыркы учурда эмнени каалап турам? Келечекте жашоомду кандай элестетем? Кандай жашоону баштан кечиргим келет? Өзүмөн эмнени күтөм? Келинчегимен эмнени күтөм? Ушул суроолорго жооп бериңиз.
Ал эми тил алчаак уул болуп, ар дайым ата-эненин карамагында болууну кааласаңыз, бул да сиздин чечимиңиз. Бирок, чынында мында жакшы перспектива жок.
Ошондуктан жеке жашоңузду өзүңүз куруңуз.
Ийгилик!
Психолог Бейшен Джумабеков менен инстаграмдагы
@beishen_psycholog_bishkek баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Үй-бүлөлүк мамилелер тууралуу бул жерден дагы окусаңыз болот:
Менин көңүлүмдү калтырса мейли го, балдар чоңоюп соз түшүнүп калышты
Кайын энем ооруп калсам эле уруш чыгаргысы келе берет. Эмнеге мындай?
Бөлүнөлү десем, кайын энем ынабай жатат. Эмне кылышым керек?
Ата-энем медреседе окушумду каалашат, а мен экономист болгум келет
Ажыраша турганыбызды балдарыбызга кантип айтбыз? Психологдун кеңеши