// //

Өзүм алып берген кредит үчүн чыдап жашашым керекпи? Психологдун кеңеши

2020.08.04, 12:03
1517

Саламатсызбы. Жашым 30да, күйөөм экөөбүздүн баш кошконубузга 10 жыл болуптур. Күйөөм мага, бала-чакасына кам көрбөйт, эмне оокат кылып жатканыбыз менен иши жок.

Акчасы болсо эле башкача сүйлөп калат. Ичкенди жакшы көрөт. Проблемасы бүтпөйт. Жардам берейин деп маселелерин чечип берем, процентке акча алып, кредит алып берем. Төлөгөнгө келгенде эле, өзүң төлөп ал, деп кутулат.

А мен жоопкерчиликтүүмүн да. Кайра эле өзүм чуркайм. Жиним келип кетип калайын дейм, бирок жүрөгүм чыдабай, сары санаа болуп келип алам. Эмне үчүн мындай? Мындан ары эмне кылышым керек? Кредит үчүн чыдап жашашым керекпи?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
04.08.2020, 12:05

Асель Баимбетова

Психолог

Саламатчылык. Мени башка жагы ойлондуруп жатат. Силер жаңыдан баш кошуп, бири-бириңерди жакшы тааный элек кез эмес. 10 жылдан бери күйөөңүздүн мүнөзүн жакшы эле билип калсаңыз керек. Эмне үчүн бир эле капканга кайра-кайра түшүп калып жатасыз? Анын жоопкерчиликсиз, акчаны төлөбөй турганын билип туруп, кайра эле кредит алып, процентке акча таап бере бересизби?

Демек, сиздин жан дүйнөңүздө бир көйгөй бар. Балким аябай боорукерсиз, түтпөй кетип, жардам бергиңиз келет. Эмоциянын шары менен маселени дароо чечип салгыңыз келет. Ал эми жакындарыңыз андан пайдаланышат.

Же күйөөңүзгө ичиңиз жылып кетет, эзилип кетесиз. Ошондон улам анын көйгөйлөрүн чечүүгө умтуласыз. Кетип каласыз, бирок кайра эле келип аласыз.

  • Биринчиден жеке пикирге таянып, өзүңүз эмне каалап жатканыңызды укканды үйрөнүңүз.
  • Экинчиден, ички дүйнөңүз менен келишип алыңыз.

Чындап эле кетип калгым келеби? Же жөн гана эмоцияга алдырып жатамынбы? Бул маселени мен чечишим керекпи? Кийин мен жоопкерчиликтүү болуп калаарымды түшүнүп турамынбы? Мен ошону каалап турамынбы? Жасагандан кийин өкүнүп калбаймынбы? Ушул суроолорду өзүңүзгө берип, жакшылап ойлонуп, таразалап, андан кийин чечим чыгарыңыз.

Ийгилик!

Психолог Асель Баимбетова менен инстаграмдагы @psihologiya_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Үй-бүлөлүк мамилелер тууралуу бул жерден дагы окусаңыз болот:

Менин көңүлүмдү калтырса мейли го, балдар чоңоюп соз түшүнүп калышты

Кайын энем ооруп калсам эле уруш чыгаргысы келе берет. Эмнеге мындай?

Бөлүнөлү десем, кайын энем ынабай жатат. Эмне кылышым керек?

Ата-энем медреседе окушумду каалашат, а мен экономист болгум келет

Ажыраша турганыбызды балдарыбызга кантип айтбыз? Психологдун кеңеши

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт