Күйөөм таштап кетти кантип өзүмдү алаксытам? Психологдун кеңеши
Саламатсызбы. Мени күйөөм таштап кетти. Учурда эки айлык боюмда бар, күйөөм баланын мага кереги жок дейт. Кантип өзүмдү алаксытам?
Асель Баимбетова
Психолог
Саламатчылык. Өзүңдү-өзүң алаксытуунун эң мыкты жолу – бул жакындарыңа, курбуларыңа кайрылуу. Жан дүйнөңүздө болуп жаткан нерселер менен бөлүшкүлө, айтып бергиле.
Өзүңүзгө көбүрөөк убакыт бөлүңүз, сейилдеңиз, позитивдүү кинолорду көрүңүз. Даамдуу тамак жасап жеңиз.
Жакшы адамдарды издеңиз, алар менен баарлашып, сүйлөшүп, позитивдүү энергия алганга аракет кылыңыз.
Жашоонун башка жактарын байкап, көрүүгө аракет кылыңыз. Ушуну менен бардыгы токтоп калбайт. Сизди алдыда көптөгөн бактылуу күндөр күтүп жатат. Ишенип коюңуз!
Ийгилик!
Психолог Асель Баимбетова менен инстаграмдагы @psihologiya_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Үй-бүлөлүк мамилелер тууралуу бул жерден дагы окусаңыз болот:
Менин көңүлүмдү калтырса мейли го, балдар чоңоюп соз түшүнүп калышты
Кайын энем ооруп калсам эле уруш чыгаргысы келе берет. Эмнеге мындай?
Бөлүнөлү десем, кайын энем ынабай жатат. Эмне кылышым керек?
Ата-энем медреседе окушумду каалашат, а мен экономист болгум келет
Ажыраша турганыбызды балдарыбызга кантип айтбыз? Психологдун кеңеши