// //

Кайын энем өрүк сатып, акчасына тиш салдырып берген

2020.08.03, 14:02
9114

Bilesinbi.kg сайтына кирип, окурмандардын баянын окусам, кайын энесине ыраазычылыгын билдиргендер көп экен. Мен да алардан эмнем кем экен деп, өз окуям менен бөлүшүүнү чечтим. 

Өзүм кемпирдин колунда өскөн кызмын. Ата-энемди көргөн эмесмин. Кичинемде каза болуп калышыптыр. Туугандар мени балдар үйүнө беребиз деп жатканда, таенем чырылдап алып калган экен.

Мени таенемден башка эч ким жакшы көрчү эмес. Туугандарга барсам, “тур, үйүңө бар” деп кууп, жадакалса балдары менен дагы ойнотпой коюшчу. 

Лекцияда отургам. Тайкем чалды. “Таенеңден ажырап калдык”, - деди. Бир заматта дүйнөм аңтарылды. “Чүкүнтөй, качан келесиң?” деп сурап турчу эле. Эми мага ким чалат?

Жашагым келбей, зомбидей болуп жүргөндө болочок күйөөмө жолуктум. Өзгөчө камкордугу мени бул жашоого кайтарды. Көп өтпөй колумду сурады. 

Кайын энемди көрөрүм менен таенеме окшоштурдум. Ал дагы бою кичинекей, кара-тору экен. Бетимден өпсө ыйлап жибердим. “Айланайын” деп жашымды сүртсө, ого бетер шолоктоп кирсем болобу. Удаасынан эки мотурайган бала төрөдүм. Ошентип, турмуш улана берди.

Карапайым, бирок бактылуу үй-бүлөбүз.

Карантин башталгандан бери акча жагынан бир аз кыйналдык. Бирине-тартсак экинчисине жетпейт. Ортодон кычашып, тишим ооруп калды. Дарыгерге барсам, олчойгон сумманы айтты.

Күйөөм, акча издеп кеткен. Тишимди кармап отурсам, кайын энем жаныма келип акча берди.  

“Кошуна сурап келген экен, тиги бышкан өрүктүн баарын сатып жибердим. Барагой, эми тишиңди салдырып келегой. Бир жумадан бери кыйналып кеттиң. Сени көрүп мен беймаза. Бар-барагой, балдарды карап турам.”

Апа, ушул күнгө чейин сизден бир жаман сөз укпадым. Ар дайым таламымды талашып, мага жан тартып жүрөсүз. Ата-энемден албаган мээримди сизден таптым. Бактылуу күндөрүмдүн баары сиз менен байланыштуу. Күйпөлөктөп мага жан тартканыңызды көргөн сайын ыраазы болгонумдан ыйлагым келет. Мен сизди аябай жакшы көрөм, апа!

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Апамды дүйнө кыдыруу эмес, эки торпок бактылуу кылмак экен

Чоң атамдын контракт төлөөгө шарты жок, "окутам" деген жигитке кыздыгымды бердим

Күйөөм кызыбызга сүйгөнүнүн атын койгонун кайын эжемден уктум

Баламды кайын эжеме таштап Москвага кетсем, сууга агып чарчап калыптыр

Үйлөнөйүн десем мага жаккан кыз жоолук салынууга макул болбой койду

Жигитим "ата-энеңе акча салба" деп айлыгымды алганга шашылат

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт