// //

Бойго бүтүрбөөчү уколдун таасири канчага созулат? Гинекологдун жообу

2020.08.03, 12:36
2226

Саламатсызбы. Мындан 6 ай мурун “депо” деген укол алгам. Бул уколдун таасири канча убакытка созулат? Андан бери жарым жыл өтсө да боюма бүтө элек. Учурда 11 айлык кызым бар.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
03.08.2020, 12:36

Светлана Коздрович

Гинеколог-эндокринолог

Саламатчылык. Депо-проверанын таасири орто эсеп менен 1-3 айга созулат. Бардыгы препараттын дозасынан көз каранды. Аны колдонуудан кийин менстуруалдык цикл бузулушу мүмкүн, бирок бир канча убакыт өткөндөн кийин өзү эле калыбына келет.

Менде башка суроо жаралып жатат. Эмне үчүн тез эле экинчи балалуу болууну чечтиңер?

Төрөттөн кийин мынча аз убакытта кайра бойго бүтүрүү медицинада колдоого алынбайт. Себеби аялдын организми буга чейинки төрөттөн кийин калыбына келе элек. Толугу менен реабилитация болуу үчүн кеминде 2-3 жыл керек.

Андан тышкары 11 айлык балаңызды да 1-1,5 жашка чейин эмизгениңиз анын ден соолугу үчүн жакшы. Боюңузго бүтүп калса, эмизүүнү токтотууга аргасыз болосуз.

Гинеколог-эндокринолог Светлана Коздровичти  инстаграмдагы  @arzclinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Бул жерден кош бойлуулук жөнүндө дагы окусаңыз болот:

ЭКО деген эмне? Кимдерге жасалат? Баасы канча турат? 10 суроого жооп

Токсикоздун белгилери жана аны жеңилдетүү жолдору

Эклампсия деген эмне? Белиглери, себептери жана кесепети

Толгоо башталганын кантип билем? Кош бойлуу келиндер үчун шпаргалка

Кош бойлуулук календары (25-40 жума)

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт