// //

Селфи сен жөнүндө эмнелерди айтып берет?

2018.12.13, 13:22
2705

Инстаграммдагы баракчаңа кандай сүрөттөрдү жайгаштырасың? Ал сүрөттөр сенин психологиялык абалың тууралуу эмнелерди айтып берет? Кызыкпы? Анда, психолог Наталья Олифировичтин айткандарын окуп, ой жүгүртүп көр.

Селфимания

Күнүнө төрттөн ашык сүрөтүн чыгаргандардын диагнозу - селфимания деп аталат. Мындай адамдар мактоого, башкалардын көңүл буруусуна муктаж. Социалдык баракчасындагы лайктардан көз каранды. Алар сүрөтү менен: “мени карагылачы, мага суктангылачы, көздөрүм кандай сонун, фигурам укмуш”, - деп турушат.

Букет гүлдөр

Белекке алган букет гүлдөр менен сүрөткө түшүү, көңүл бурдуруунун дагы бир ыкмасы. Айымдар бул сүрөтү менен: “Мен ушунчалык сулуумун, мени ушунчалык жакшы көрүшөт, мага жетпегендер же мени таштап кеткендер туз жалагыла”, - деген ойду билдиргиси келет.

Жаныбарларды жакшы көргөндөр

Эгер адам күчүгү же мышыгы менен сүрөткө түшкөндү жакшы көрсө демек, анын жашоосунун көп бөлүгү жаныбарга кам көрүүгө бөлүнөт. Алар боорукер болушат. Коомдо өзүн ишенимсиз алып жүрүшөт. Башкалар ага ушундай кам көрүп, эркелетип, багышын каалашат.

Спортзалдагы сүрөттөр

Спорт менен машыгуу мактоого татыктуу. Мүчөлөрүн келишимдүү кылуу үчүн көп аракетин жумшашты. Эми өзүнүн денесин сыймыктануу менен көрсөтүп жатышат. Булар ийгиликке эмгек менен гана жетүү мүмкүн экенин жакшы түшүнүшөт, жана максатына жете билишет.

Понттор

Кымбат машиненин фонунда, кычырап кийинип алып, колундагы кымбат сааты көрүнүп тургудай кылып сүрөткө түшкөн инста тааныштарыңар барбы? Чынында алардын жашоосу андай эмес, жөн гана башкалардын алдында кыйын көрүнгүсү келет. Мындай адамдар кыялы менен гана жашап, реалдуулуктан алыс болушат.

Кичинекей балдар

Балдары менен түшкөн сүрөттөрдү көп чыгаргандар үчүн үй бүлө абдан маанилүү. Алар балдарынын жашоосу менен жашап, ата-эне болгонуна чексиз сыймыктанышат.  

Табият

Жаратылыштын сүрөтүн көп койгондор жумушунан чарчап күнүмдүк тиричиликтен тажап, жалгыздыкты, тынчтыкты каалап тургандар.

Жумуш учуру

Иштеп жатканын сүрөткө тарткандар жумушун аябай жакшы көрүшөт. Амбициялары асманга жетип, келечекке койгон максаттары, пландары укмуштуудай. Алар үчүн карьера биринчи орунда.

Саякат

Саякат учурун сүрөткө тартып алгандар эки типке бөлүнөт. Биринчиси башкаларга өздөрүнүн артыкчылыгын көрсөтүп мактангысы келгендер. Экинчиси ошол учурду сүрөткө тартып алып, эмоцияларын, сезимдерин эсине сактап калгысы келгендер. 

Күлкүлүү фото

Кебетеңди келиштирип түшкөн сүрөттөрдү баракчасына чыгаруудан тартынбагандар, өзүнө бекем ишенген, сын пикирден коркпогондор. Аларды башкалардын ою такыр кызыктырбайт.

Ушулардын арасын өзүңдү же досторуңду тааныдыңбы? Анда алар менен бөлүшкөндү унутпа!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт