// //

Кош бойлуумун, оозума учук чыккан. Балага зыяны тийбейби? Гинекологдун жообу

2020.07.31, 12:46
1564

Саламатсызбы. 10 жумалык боюмда бар. Оозума учук чыгып, андан кийин бир сыйра грипп болуп айыктым. Балага зыяны тийбейби? Ойлонуп сарысанаа болуп жатам.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
31.07.2020, 12:46

Светлана Коздрович

Гинеколог-эндокринолог

Саламатчылык. Эгер сиз кош бойлуулукка чейин деле герпес вирусун алып жүргөн болсоңуз, башкача айтканда ага чейин деле оозуңузга учук чыгып жүргөн болсо, анда анын ден соолукка коркунучу деле жок.

Ал эми боюңузда бар кезде биринчи жолу герпес вирусун жугузсаңыз, анда залакасы көбүрөөк болушу мүмкүн. Кош бойлуулуктун алгачкы үч айында (первый триместр) грипп болуу да кооптуу.

Кандай болгон күндө да гинекологго кайрылып, анализ тапшырып, толугу менен медициналык текшерүүдөн өтүүнү сунуштайм. Доктур учурдагы мөөнөтүңүзгө жараша дарылануу жолун жазып берет.

Гинеколог-эндокринолог Светлана Коздровичти  инстаграмдагы  @arzclinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Бул жерден кош бойлуулук жөнүндө дагы окусаңыз болот:

ЭКО деген эмне? Кимдерге жасалат? Баасы канча турат? 10 суроого жооп

Токсикоздун белгилери жана аны жеңилдетүү жолдору

Эклампсия деген эмне? Белиглери, себептери жана кесепети

Толгоо башталганын кантип билем? Кош бойлуу келиндер үчун шпаргалка

Кош бойлуулук календары (25-40 жума)

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт