// //

Күйөөм биринчи өбүшкөн күнүбүзгө чейин эстеп куттуктап турат

2020.07.30, 18:12
9034

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет "силер аркылуу күйөөмө сүйүүмдү билдиргим келет" деген айымдын катын жарыялайбыз.

"Бир жерге жазып алабы десем жок"

Күйөөм романтик. А мен романтиканын “Р”сына дагы жакын эмесмин. Билбейм эмнеге, алтын чынжырчалар, серенадалар, кучак толо гүлдесте мага кызык эмес. Романтикалык кинолорду көрсөм күлө берем. Саякаттоо – дал ушул нерсе менин алсыздыгым. Сумкамды жонума көтөрүп, тоолорду аралап, сууларды кечип, ачык асман алдында уктаган жагат.

“Тур, уйкучум!” Көзүмдү ачсам бөлмөбүздү шарлар менен кооздоп коюптур. Эч нерсени түшүнгөн жокмун. Кичинекей кутуча берип, бетимен өптү. Ачып ичин карасам сөйкө экен. “Чоң рахмат!” Менден бир нерсе үмүт эткендей туруп калды. Мен дагы карап турам. “Сениби? Дагы унутуп калдың э?”- деп кытыгылап кирди. “Эстейм! Азыр эстейм!” Боорум эзилип калды. Акыры, эсиме түштү.

“Бүгүн баш кошконубузга сегиз жыл”,-деп бакырып жибердим.

Менде белек даяр болчу. Кечээ эле айтайын дегем, жумуштан чарчап келип уктап калдым эле.  Айтпаганым ырас болуптур. Баса, өзүм гид болуп иштейм.

Колун алып ичиме койдум.

- Балам, атаң экөөбүздү аябай кытыгылады э?

- Түшүнбөдүм? Сен чын эле айтып жатасыңбы? Мен дагы ата боломунбу?

Башымды ийкедим. Көзүмөн жаш агып кетти. Күйөөм ичимди өпкүлөп кирди. “Барсбекке, Барсбекке айтып келейин”,-деп уулубуздун бөлмөсүнө чуркап жөнөдү.

Биринчи жолгушуубуз, биринчи өбүшүүбүз, биринчи урушубуз, айтор, баары эсинде.

Бир жерге жазып алабы десем жок. “Эсиңдеби, сени үйүңө узатып баратканда алдыбызга бир жалбырак учуп келип түшкөн?”, “Эсиңдеби, лагман жегибиз келип кафе кыдырганыбыз?”, “Эсиңдеби, колума курт түшүп кетип бакырганым?”. Мен маани бербеген нерселерди баалуу кылып эсине сактап коет. Анан минтип айтып берип, жүрөгүмдү жылытат.

Маанилүү күндөрүбүзгө маани бербейсиң деп таарынбайт. Жасаган сюрприздерине милдет кылбайт. “Мага сени кубантуу жагат”,-дейт. Күндөрдү эсимден чыгарып жибергеним үчүн кечирим сурасам, “ мен сага эстетип туруу үчүн жаралганмын,”,-деп жооп берет. 

Алтыным, жашоомду гүлгө айлантып, жагымдуу көз ирмемдерибизди эстеп жүргөнүңө рахмат. Ооба, сага окшоп сезимдеримди сыртка чыгара албайм, бирок, бир нерсени билип кой, мен сени сүйөм! 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт