// //

Бала канча айынан ордунан оодарылып калат? Педиатр жооп берет

2020.07.30, 14:26
1957

Бала канча айынан ордунан оодарылып, сойлоп калышы керек? Балама жакында төрт ай болот. Эми гана оодарылганга аракет кылып жатат. Бирок менин балам менен тең төрөлгөн балдар соймолоп калыптыр.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
30.07.2020, 14:27

Элнура Жумашева

педиатр

Башка балдарга салыштыруу туура эмес. Ар бир баланын чоңоюшу, индивидуалдуу жүрөт. Анын үстүнө баланын ден соолугу, физикалк абалы көп нерседен көз каранды. Бул сиздин канчанчы балаңыз? Кош бойлуулугуңуз кандай өткөн? Төрөтүңүз кандай өткөн? Өзүңүз төрөдүңүзбү же кесердик кесүү аркылуубу? Киндигине оролбой, тумчукпай, жакшы түшкөнбү? Азыркы учурда эмизесизби же кошумча тамак бересизби? Кыймыл аракети кандай? Баланын салмагы кандай? Өтө толук же тетирисинче өтө арык балдардын кыймылы аз болот.

Эгер ушул суроолордун бардыгына нормалдуу деген жооп болсо, анда педиатр көрүп, себебин аныктоого аракет кылат. 

Негизи төрт айлык бала моюнун кармап калат. Түз жерге жаткырып койгондо оодарыла алат. Чалкалатып жаткызып койсо, өзү көмкөрөсүнөн жатууга аракет кылат.

Төрт айлык бала жөргөлөй албайт. Себеби анын булчуңдары азырынча алсыз. Жөргөлөгөнгө даяр боло элек.

Балаңыз ден оолукта болсун!

Педиатр Элнура Жумашева менен инстаграмдагы @elnura_maratovna_pediatr баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Баланын ден соолугуна байланыштуу башка суроолорго жоопторду бул жактан окусаңыз болот:

Баланын эмгеги чоңураак экен деп жатышат. Балага зыяны жокпу?

Баламдын тамагы тез-тез эле ооруй берет. Эмне кылса болот? Педиатр жооп берет

Кызымдын кулагын тазалап жатып оорутуп алдым. Эмне кылышым керек?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт