Сүйлөшкөн кызымдын менден башка жигити бар экен. Мен ага үйлөнөйүн деп жаткам
Сүйлөшкөн кызым бар болчу, аны жакшы көрүп, урматтап, сыйлап келгем. Үйлөнгөнгө максат койгон элем. Бирок, негедир ал менден бир нерселерди жашыргандай сезиле берчү.
Адаттагыдай иштен чыгып жолугушканбыз. Агам келет, деп басып кеткен. Досума жолугуп калып, чогуу аялдамага чейин барсак, сүйлөшкөн кызым башка менен туруптур. Агасы жанында жок. Жанына барып, “сен кимсиң?” деп сурасам, “жигитимин” дейт.
Ошол бойдон кыздарга ишенбей калдым. Бары эле алдагандай сезиле берет. Дагы алданууну каалайбайм. Үйлөнгүм да келбейт.
Үйдөгүлөр болсо үйлөн, болбосо кийинки жылы өзүбүз үйлөндүрөбүз, деп жатышат. Эмне кылсам?
Виталий Пукаев
Кыргыз Россия билим берүү академиясынын окутуучусу, психотерапевт
Саламатчылык. Сиз үчүн маанилүү болгон мамиледе чыккынчылык болгону жаман болуптур. Сүлөшкөн кызыңыздын чынчыл болбогону сизди жаралады.
Андан бери канча убакыт өткөнүн жазбаптырсыз. Бирок алган жаратыңыз дагы деле айыга элек көрүнөт. Ал кыздын эмне үчүн мындай кадамга барганын биз биле албайбыз, демек баа бергенге акыбыз жок.
Бир гана нерсени айтып кетейин, адамдардын мамиле куруу жаатында эч кандай кепилдик жок. Бул жаманбы, же тескерисинче жакшыбы, белгисиз. Болгону, адамга ишенүү же ишенбей коюу бул ар бирибиздин жеке чечимибиз.
Ишеним артуу - эки тараптан тең, бирдей өлчөмдө боло турган сезим. Балким, сиз ал кызга карата ашыкча кыялданып же идеалдаштырып алгансыз, ошондуктан түрдүү белгилерге көңүл бурган эмессиз. Ар бирибизде жаңылууга, адашууга укугубуз бар. Болгону өзүңдү (жакындарыңды дагы) кетирген каталарың үчүн кечирүүнү үйрөнүү керек.
Мындан ары кыздарга ишенесизби же жокпу, өзүңүз билесиз. Балким, өмүр бою жалгыз өткүңүз келет, а балким, жоопкерчиликти ата-энеңизге жүктөп коесуз. Алар сизге келинчек таап берип, үйлөндүрүп коюшат.
Ал эми жараттарыңыздын психологиясын түшүнүп алардан арылгыңыз келсе, кесипкөй психотерапевтке кайрылып көрүңүз.
Кандай болгон күндө да акыркы чечимди адам өзү кабыл алат, жана тандоо жасайт.
Виталий Пукаев менен инстаграмдагы @vitaly_pukaev аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.
Психологдун башка суроолорго жоопторун бул жактан окусаңыз болот:
Кайын энем “акчаңды мага жөнөтпөсөң, уулума байша аял алып берем” деди
Мурда мени чанып кеткен кыз эми өзү мага чалып жатат. Ага эмне дешим керек?
Досум деп жүргөн адам мени жамандайт экен. Эмне кылышты билбей турам