// //

Кыска шорта кийип алып жыргап жүрсөм кайын энем кирип келип калды

2020.07.25, 11:18
14900

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. 

"Кайын энем жумушунан эрте келип калса болобу"

“Минтпе”, “тигинтпе”, “антпе”, “мындай кыл”, “тигиндей кыл”, анан аягында “Уктуңбу?” деп туруп кайра башынан кайталашат. Жакында турмушка чыгаарымды уккан ар ким келип алып нотация окуп жатышты. Ишенесиңерби, баары тыюу салуулар болду. Качып кетким келди.

- Сага тийсем өзгөрүшүм керекпи?   

- Эмнеге?

- Жеңемдер ошондой дешти.

- Мен сени турган-турпатың, кылык-жоругуң менен сүйгөм. Сени өзгөртүү менин кызыкчылыгым эмес. Кандай болсоң, ошондой болуп жанымда жүрсөң болду. Мага башка эч нерсенин кереги жок.

Тойго эки күн калганда жигитиме жолугуп, ичимдеги коркуулар менен бөлүштүм. Эгер ал дагы башкалардын сөзүн сүйлөп туруп алса, эч нерсени карабай тойду токтотмокмун. Себеби мен бактылуу болгум келет! Анан дагы, ачык мүнөз, баарын бетке айткан кызмын. Бир нерсе жакпаса жакпайт дейм. 

Кайын энем менен кайын атам ажырашып кетишкен экен. Бирок, тоюбузда экөөнүн бири-бирине жасаган мамилесин көрүп суктандым.

Сүйүнүчүм койнума батпай отурсам кайын энем жаныма келип “жүр бийлейбиз”,-деп, бийге тартты. Бир аздан кийин кайын атам “кызым менен вальска түшөйүн”,-деди. Ушундай сонун той болду дейсиңер, убакыттын кантип өткөнүн байкабай калдык.

Үйгө келип дароо уйкуга кеттик. Турсам саат 11:00 болуп калыптыр. Тез-тез кийинип ашканага чуркап кирсем эч ким жок. Акырын басып барып кайын энемдин бөлмөсүн карасам уктап жатат. Сыртка чыгып эшикке суу чача баштадым. Бирок, уйкум келип дале көзүм ачылбай жатты. Катуу калдыраткан окшойм, кайын энем чыгып, “тур укта”,-деп үйгө кууп кирди. Ошентип баарыбыз түшкү тамактанууга турдук.

Шашпай чай ичип, тойдон ала келген эттерди жедик. Анан “силер эс ала бергиле”, - деп кайын энеме жумушуна кетти. Баса, ушул жерден бир мактанып алайын, менин кайын энем профессор, университетте сабак берет.

Жай. Күн ысык. Жоолугумду чечип, кыска шортамды кийип алып жыргап жүргөм. Кайын энем жумушунан эрте келип калса болобу. “Келиңиз” деген боюнча катып калдым. “Менин дагы шортамы алып келип берип койчу, ыссып кеттим”,-деп душка кирип кетти.

Кайын энем менин эң жакын курбума айланды. Экөөбүз түнгө дейре божурашып отура беребиз. Азыр бир сериал табып алганбыз, кечке ошону көрүп жатабыз. Бул жакта өз үйүмдөн дагы эркин жүрөм. Кайын энем мени кандай болсом, ошондой кабыл алды. “Бирөөнү эмне кыласыңар, өзүңөрдүн жашооңорду эптеп алгылачы”,- деп акыл үйрөткөндөрдүн оозун жаап коет.

Мен бактылуумун! Бактылуу болуп жүргөнүмдү көргөн күйөөм бактылуу! Ал эми экөөбүздүн бактылуу болуп жүргөнүбүздү көргөн кайын энем бактылуу!

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кайын энем “келиниме машина алып бер” деп күйөөмдү урушту

Балам кошунабызды “менин атам ошо болсо сонун болмок” деп оозумду ачырды

Күйөөм апамдын байпактарын жууп жатса, кайын энем келип ызы-чуу салды

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт