// //

Балам кошунабызды “менин атам ошо болсо сонун болмок” деп оозумду ачырды

2020.07.20, 13:56
20572

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. 

"Шок болуп эле туруп калдым"

Менин окуям кыска эле. Элге окшоп кооздоп жазганды деле билбейм. Бирок, эмнегедир силер менен бөлүшкүм келди. Балким, бирөөңө сабак болот.

Качан үйгө келбейин балам кошунабыздын короосуна көз чаптырып тамдын башында отурат. Мени көрөрү менен түшүп кетет. “Бирөөнүн үйүн карап эшек такалабай, сабактарыңды жазбайсыңбы!”. Тилдесем унчукпайт. Быйыл экинчи класс болду.

“Ары турчу”, “ эй,кайда жүрөсүң” “пультту алып берчи”, “өзүң жасачы”, “кебетең кантет”, “желмогуз”, “эшектин баласы”, “чалчаңдабачы” ж.б. Уулума акыркы ирет айткан жакшы сөзүм эсимде жок. Ата-баладай болуп сүйлөшпөйбүз дагы. Бул курактагы балдар каткырып күлүп ойноп жүрүш керек эле, а меники ар дайым ойлуу, кабагы бүркөө.

“Мен сени жаман көрөм! Менин атам Акан байке (кошунабыз) болсо сонун болмок!” Колундагы дептерин ыргытып эшикке чуркап чыгып кетти. Шок болуп  калдым. Сабагын түшүнө албай жатканын айтып жардам сурап келди. Телефон чукулап жаткам. Ээринип “башың жокпу” деп, ачуу сөздөрдү айтып урушуп кирдим. Анан эле мындай болуп кетти...

Эртеси жумуштан суранып үйгө эртерээк келдим. Тамдын башына чыгып кошуна тарапты карадым. Тигине Акан баласы, кызы болуп суу чачышып ойноп жатышат. Баары тим эле бактылуу. “Менин байлыктарым” деп балдарын эркелетип, айлантып, асманга ыргытып жатат. Карап эле отургуң келет. Демек, менин уулум ушуну көрүш үчүн бул жакка чыгат турбайбы...

Бактын түбүндө жер чукулап отуруптур. Жанына бардым. Эмнеден сөз баштарымды билбейм.

- Жүр, аттракционго барып келебиз.

- ...

- Машина алып берейинби.

- ...

- Шоколад жейсиңби?

- ...

- Телефонумду ойнойсуңбу?

- ...

- Робот алып берейинби?

- ...

- Акылсыз атаңды кечир уулум.

Башын көтөрүп мени карады. Кармана албай ыйлап жибердим. Кучактады. “Баатырым менин!”. Башынан сылап чекесинен өптүм. Кол кармашып үйдү көздөй жөнөдүк.  

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөм апамдын байпактарын жууп жатса, кайын энем келип ызы-чуу салды

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт