// //

Бир тоок союп бергениме сүйүнүп кеткен кудама ыраазымын

2020.07.19, 12:57
13162

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. 

"Күйөө балам тектүү жердин баласы экен"

Былтыр кошунам уулун үйлөгөн. Быйыл кудаларын тосушту. Өздөрү дагы, кудалары дагы бай немелер. Кошуналарга кошулуп аялым экөөбүз кол-кабыш кылып келдик. Эми дасторкунуна сөз жок. Өмүрү мен жеп көрбөгөн балыктар, мөмө-жемиштер, салаттар, конфеттер. Шилекейим чууруп эле туруп калдым.

Бир жылкы, алты кой союшту. Үйүнөн тышкары көлгө, андан кийин табият койнуна алып барып сыйлашты. Бирок, ошондо дагы кудалары ыраазы болбой, сүйлөнүп, атүгүл таарынып кетишти.

Өзүм таштанды ташуучу машина айдап иштейм. Аялым бозо жасап сатат. Эки кызым бар. Улуусу быйыл окуу жайды бүтөт. Кичүүсү али мектеп окуучусу.

Чай ичип отурганбыз.

- Ата, апа, мен күйөөгө тийгени жатам.

- Ыя ботом...

- Жигитим кечээ колумду сурады, макулдугумду бердим. Ал сонун адам, мына көрөсүңөр силерге сөзсүз жагат.

Жигитин мактап сайрап кирди. Аялым экөөбүз тиктешкен боюнча нес болуп калдык. 

Түн. Менде уйку жок. Ордумдан турдум. Кызымдын бөлмөсүнө бет алдым. Ал дагы уктабай отуруптур. Керебетине барып жанына отурдум. Кичинесинде өзүм өрүп, бантик тагып берген узун кара чачынан сылап, чекесинен өптүм. Анан кучактап алып буркурап ыйладым. Ал дагы мага кошулуп көз жашын төктү. Бул биздин коштошуубуз эле. Бактылуу бол кызым! Атаң сени жакшы көрөт.

Кыз узатуу үйдө болду. Күйөө балам тектүү жердин баласы экен. Бирок мен үчүн ал маанилүү эмес, кызым бактылуу болсо болду.

Кудам дагы биринчи жолу келин алып той берип жатыптыр, экөөбүз айда майрамдадык.

Көп өтпөй эле кудаларыбыз үйүнө чакырып милдетинен кутулушту. Биз бир аз акча топтоп алалы деп, кийинки жылга калтырдык.

Кышында байбичем катуу ооруп калды. Кызым менен күйөө балам келип көрүп кетишти. Кудам чалып “баралы” деди эле, “үйгө чакыра элекпиз, уят, кийин келесиңер” деп токтотуп койдум. Бирок, ошол эле күнү кем-каржысын көтөрүп алып жетип келишти. “Эсиңдеби куда, жакшылыкта да, жамандыкта да катташып, миң жылдык кудалардан бололу деп кол алышканбыз. Анан, кудагый ооруп жатса келбей коймок белек.”

Үйдө эт жок эле. Эшиктеги тооктон бирди союп аш басып бердим.

Үйгө биринчи жолу келип жаткан кудама тоок союп бергениме уялдым, атүгүл кечирим сурап жибердим. "Болбогон кепти айтасыз куда, бул нерсе маанилүү эмес" деп, кудам күлүп-жайнап отуруп, тамакты мактап жеп, сыйыбызга рахмат айтып, узап кетишти. Аялымдын көңүлү көтөрүлүп жакшы боло түштү. Байлыктан дагы адамгерчиликти биринчи орунга койгон кудама ыраазы болдум. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөм апамдын байпактарын жууп жатса, кайын энем келип ызы-чуу салды

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт