Коко Шанель:"Сулуу эмес аял болбойт, жалкоо аял болот"
Атактуу француз модальеринин көрүнүктүү сөздөрү.
Коко Шанель – мода дүйнөсүн өзгөрткөн 20- кылымдын легендасы. Ал аялдар модасына: пиджак, шым, кичинекей кара көйнөк, люкс жыпар жытын киргизген.
"Мода кетет, стиль калат".
"Карылык сүйүүдөн коргой албайт, ал эми сүйүү карылыктан коргойт".
"Эркек менен көйнөктүн бирөөсүн тандоого мажбур болгондо, көйнөктү тандагыла".
"Чыныгы бакыт арзан болот: эгерде ага көп төлөш керек болсо, анда ал жасалма".
"Сулуулукка кам көрүүдө, жүрөк менен жан дүйнөдөн башта, болбосо эч кандай косметика жардам бербейт".
"Кыздын иши канчалык жаман болсо, ошончолук жакшы көрүнүшү керек".
"Табити жакшы адамдар бижутерия тагынат. Калгандары алтын тагынууга мажбур болушат".
"Тыйындар үчүн капчыгы бар эркектерге турмушка чыкпагыла".
"Ар бир эле аял сулуу болуп төрөлбөйт, бирок 30 жашына чейин андай болбосо, ал жөн гана акылсыз".
"Косметика колдонбогон аял, өзү жөнүндө жогорку пикирде".
"Сулуулук - эркектер бизди сүйүшү үчүн керек, акылсыздык - биз эркектерди сүйүшүбүз үчүн керек".
"Ар бир кыз ар дайым эки нерсени билиши керек: кимди жана эмнени каалайт".
"Колдор - кыздын визиттик карточкасы; Мойну - паспорт; Төшү - загранпаспорт".