// //

Балдар биздин күтүүлөрүбүзгө, үмүттөрүбүзгө дал келүүгө милдеттүү эмес!

2020.07.09, 18:09
1819

Балдар биздин менчик эмес! Алар биздин күтүүлөрүбүзгө, үмүттөрүбүзгө дал келүүгө милдеттүү эмес. Себеби өзүнүн жашоосуна, өзүнүн каталарына жана кызыгууларына толук акысы бар.

Тилекке каршы, биз тарбия берүүдө акыл үйрөтүүчү жана үстүнөн көзөмөлдөп туруучу позицияны ээлеп алат экенбиз. Эмнеге? Психолог Алтынай Акматалиева айрым себептерин айтып берди.

  • Бул эң жөнөкөй ыкма. Анда ата-энеге ашыкча энергия коротуунун зарылчылыгы жоктой сезилет.
  • Алар да бала кезинде ушундай тарбия көргөн, ошондуктан балдарына башкача тарбия бере албайт.
  • Ата-эне бала тил алчаак, жоош, жана бардыгын түшүнгөн бала болуш керек деп ойлошот.
  • Балага убакыт бөлүп, түшүндүрүп отурууга убактысы жана каалоосу жок. Алар үчүн телефон чукулап, же башка иш менен алек болуу кыйла кызыктуураак.
  • Бала али кичине. Ал эч нерсе түшүнбөйт. Ошондуктан кыйкырып, урушуп, тыюу салып туруу гана керек.

Кандай дейсиңер, ушундай тарбия көргөн бала эрктүү, күчтүү, өтүмдүү, ийгиликтүү, бактылуу боло алабы? Өзүнүн таламын талашкан, көздөгөнүнө умтулган адам болушу мүмкүнбү?

ЖОК! Албетте, жок. Анткени, ал бала кезинен баш ийип, айтканды жасап көнгөн. Ата-энеси аны ошого үйрөткөн.

Ошондо ата-эне эмне кылышы керек?

Үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрүнөн анын ичинде балдардан эмнеге кызыгат, эмне деп ойлойт, кандай сезимдерге туш болот, кызыгып, сурап тургула. Сабактан канча алганын эмес, бала өзүн кандай сезип жатканын: бүгүнкү күнү кандай өттү? Эмнеге кубанды? Эмнеге таң калды? Кайсы окуя аны капага салды?

Балага тандоо мүмкүнчүлүгүн бергиле: оюнчук болобу, кийим болобу, келечектеги кесип болобу.

Ар дайым колдоп, жасаган иштери үчүн мактагыла. Балдар бизден мактоо сөздөрүн күтүшөт. Эстесеңер, силерди деле башка бирөө мактаса канча убакытка чейин ал сөз ичиңизди жылытат? Балдар да ата-энесинин колдоосуна муктаж. Өзүнө болгон ишенүү келечекте көз каранды мамиле түзүүсүнө жол бербейт.

Ишенимдүү мамиле кургула. Үй-бүлөнүн ичинде бири-бирине ишенүү сезими болгондо гана чындап өзүңө жаккан иш менен алектене аласың. Бала өзүн жайдары сезет, психологиялык жактан коргонууга ресурс коротпойт.

Башкысы, балаңызды жакшы көргүлө, жана бул тууралуу ага күндө, айтып тургула.

Балага тарбия берүү тууралуу кызыктуу макалаларды бул жактан окусаңыз болот:

Уулум атасынын жок экенин билбесе экен деп, каалаган оюнчугун алып берем

Үч жаштагы балам чочосун кармай берет, кантип койдурам? Психологдун кеңеши

Ата-энем мигрант, таежем жини келгенде мени себепсиз эле уруп салчу

Жерге жата калып ыйлаган балдарга кыжырым келчү, эми өзүмдүн балам так ошондой

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт