Сүйлөшкөн кызымдын апасы кызын мага бербейм деп жатат, кантип макул кылсам?
Саламатсызбы. Мен 18 жаштамын, үй-бүлөм менен айыл жергесинде турам. Сүйлөшкөн кызым ата-энеси менен Бишкекте жашашат. Экөөбүз бири-бирибизди аябай жакшы көрөбүз, келечекте баш кошобуз деген ниетибиз бар.
Биздин сүйлөшкөнүбүздү апасы билет, бирок кызымды айылга бербейм дептир. Ал апасынын сөзүн эки кылбайт.
Мен анын апасы менен кантип жакшы мамиледе боло алам?
Эльвира Чокоева
Психолог
Саламатчылык.
Кыргызда жакшы сөз бар “Адамды кийиминен тааныбайт, ишинен тааныйт” деген. Балким, сүйлөшкөн кызыңыздын апасынын кызына карата пландары башка. Түзүлгөн кырдаал өзүңдүн сезимиңди жана ниетиңди далилдөө үчүн мыкты мүмкүнчүлүк.
Ата-энелер каршы чыгып бирок бири-бирин сүйгөн жаштар алардын каршылыгына карабай бирге болуп калган окуялар тарыхта абдан көп. Азыркы тапта сиз үчүн башкысы – сиздин жасаган иштериңиз. Менимче алдыга койгон максатыңыз, жасаган жакшылыгыңыз жана жетишкен ийгиликтериңиз, сүйлөшкөн кызыңыздын апасы үчүн мыкту көрсөткүч болот.
Бардыгы сиздин колуңузда. Ийгилик каалайм!
Эльвира Чокоева менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынган.
Кыз-жигиттердин мамилелери тууралуу бул жерден окусаңыз болот:
Сүйлөшкөн кызыма жуучу түшсө жигитим бар, деп айтпаптыр. Эмне кылышым керек?
Жигитим быйыл үйлөнөлу деп жатат. А мен арсар болуп жатам
Жигитим үйлөнсөк иштетпейм, өзүм багам деп айтат. Эмне кылышты билбей турам
Сүйөшкөн кызымды өбө элекмин. Эмне кылсам болот? Психологдун кеңеши