// //

Жанымда жаткан күйөөм эмес, мени бул эки адам өлүмдөн сактады

2020.07.08, 12:03
50559

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. 

"Сиз келбесеңиз өлүп калмакмын"

- Мага дары менен “молокоотсос” алып келип берчи. Эмчегиме сүт толуп кыйналып жатам.

- Кайдагы балээни баштайсың! Эмизе эле бербейт белең!

- Эми жөө барбайсың го. Машинаң деле бар.

- Айылдын келиндери сонун эле чыгарып жатышат. Жөн эле эркелеп жатам дебейсиңби?

- Тим эле койчу. Рахмат жардамыңа. 

Баланы эмчектен чыгаруу мынчалык оор болот экенин билген эмесмин. Ананчы, биринчи жолу эне болуп жатсам, билгенимден билбегеним көп дегендей. Түштөн кийин денемди кара тер басып, төшүм барсайып, температурам көтөрүлүп төшөккө жатып калдым. Коноктоп келген кайын агама тамак жасап бергенге алым келбеди. Ал дагы ары-бери өтүп карап коет. Жаман көрүп жатат го деп ойлогом. Кабатыр болгонун кайдан билдим. Жоош неме жаныма келип акыбалымды сурагандан тартыныптыр.

Ыйласа чыдабай эмизип алам деп баламды өз апама таштап ырас кылыпмын. 

Кайын энем курбусунукуна куран окутканы кеткен. Кеч болуп кетсе жатып каларын айткан. Көзүм илинип кетиптир. Телефондун чырылдаганынан ойгондум. Үнү чыгат, өзү көрүнбөйт. Мен тапкыча өчүп калды. Үстүнө жатып алыпмын. Дагы чырылдады. Карасам кайын энем экен.

- Ай, эмне болду? Соосуңбу деги? Жекшен чалып (кайын агам) сени бир нерсе болуп жатат деди.

- Апа, сыркоолоп калдым.

- Ошо бир нерсени сезгем. Мен азыр жолго чыгам.

“Айланайын! Кебетең кантет, ыя!” Кайын энем машина таппай, араң дегенде түнкү саат бирде келиптир. Көзүмдү ачсам чекемдеги теримди сүртүп жатыптыр. Сүйлөгөнгө алым жок. Төшүмдүн ооруганынан колумду көтөрө албайм. Тердей берип төшөгүм былчылдап суу. Эсимди жоготуп, кайра өзүмө келип жаттым.

"Сага аял кереги жокпу? Бул эмне кылганың? Кыйналып жатканын көрүп турасыңбы? Дарысын алып келгенге жараган жоксуңбу? Сендей уулду төрөгөнүмө уялам! Азыр кайдан таап келсең, айдан таап кел! Колуңда дары менен “молокоотсос” жок үйгө келбе!”, - деп аябай урушту. 

“Түнкү саат экиде кайдан табам?” дегенин укпай, колуна курткасын карматып койду. 

Күйөөм бир сааттан кийин айткандарын көтөрүп келди. “Апа, эмне кылайын?” деп  кайын энеме кошулуп, жанымда айланчыктап жүрдү. Кайын энем жетимиштин кырын ашып калган.  Өзү сүтүмдү саап, дарымды берип, кийимдеримди которуп, жанымда отурду. Ортодон күйөөмдү кадимкидей сөгүп коюп жатты. Күйөөм туура эмес кылганын түшүнүп, унчукпады.

Таң атты. Сергек ойгондум. Жанымда кайын энем уктап жатат. Кыязы, жаңы эле көзү илинген окшойт. Үстүнө дагы эч нерсе жамынбаптыр. Кайын энеме, аны чакырткан кайын агама аябай ыраазы болдум.

Кайын энем: Кандай болуп калдың, жакшысыңбы, айланайын?

- Апа, сиз келбесеңиз өлүп калмакмын. Рахмат. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөм кызыбызга сүйгөнүнүн атын койгонун кайын эжемден уктум

Баламды кайын эжеме таштап Москвага кетсем, сууга агып чарчап калыптыр

Үйлөнөйүн десем мага жаккан кыз жоолук салынууга макул болбой койду

Жигитим "ата-энеңе акча салба" деп айлыгымды алганга шашылат

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт