ЖРТ тапшырууга акыркы мүмкүнчүлүк кайсы күндөрү болот?
Саламатсызбы! Үй-бүлөлүк шартка байланыштуу ЖРТ тапшырганга жетишпей калдым. Окуучуларга дагы акыркы мүмкүнчүлүк берилет дейт. Кайсы жакка кайрылсам болот?
Чынара Батракеева
Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борборунун өкүлү
Айрым мектеп бүтүрүүчүлөрү ар кандай себептер менен тестке белгиленген мөөнөттө катыша албай калгандыктан Билим берүү жана илим министрлиги менен ББОУБ кечиктирилген тестти 2020-жылдын 13-14 июлунда Бишкек жана Ош шаарларында өткөрөт.
Тестке каттоо 6-10 июлда төмөнкү даректер боюнча жүргүзүлөт:
1) Бишкек шаарында - №24 мектеп-гимназиясында, дареги: Тыныстанов көч., 110
2) Ош шаардык билим берүү башкармалыгында (Ош шаары, Ленин көчөсү)
Кечиккен тестти 2020-жылы ЖРТга катышпаган абитуриенттер каттоодон өтүп, тапшыра алат.
Эгерде абитуриент 2020-жылы каттоодон өтүп, бирок, ар түрдүү жүйөлүү себептер менен тестке катыша албай калган болсо, жана анын каттоо номери бар болсо, анда ал аталган жерлерден кайрадан каттоодон өтүүгө тийиш. Мындай абитуриенттер 3- форманы (тестке кирүү формасын), кабарлоо баракчасын, жана инсанды күбөлөндүргөн документин алып келүүсү милдетүү түрдө керек.
2020-жылы Жалпы республикалык тесттен четтетилген (дисквалификация болгон) абитуриенттердин катоодон өтүүгө укугу жок.
Каттоого керектүү болгон документтер:
1. Каттоо төлөмдөрү төгүлгөндүгүн тастыктаган РСК банктын квитанциясы Тестке катышуу үчүн каттоо акысы ар бир тест үчүн 370 сомду түзөт.
2. Инсанды күбөлөндүргөн документ (паспорт же аскердик күбөлүк); Инсанды күбөлөндүргөн документтери жок тестке кирүү МҮМКҮН ЭМЕС!
Туулгандыгы жөнүндө күбөлүк инсанды күбөлөндүргөн документ болуп САНАЛБАЙТ!
3. 3х4 см өлчөмүндөгү эки бирдей сүрөт;
4. Мурдагы жылдардын бүтүрүүчүлөрү үчүн орто билим жөнүндө аттестаттын түп нускасы же орто кесиптик билимди тастыктаган дипломдун түп нускасы.
2020-жылдын бүтүрүүчүлөрү мектептен алынып, директордун колу жана мектептин мөөрү басылган маалымкатты (справка) тапшырыш керек. Маалымкатта абитуриенттин сүрөтү чапталып, сүрөттө маалымкатты берген окуу жайды мөөрү басышлышы милдеттүү түрдө талап кылынат.
Жогоруда саналган документтердин бири гана жок болгон учурда каттоо жүргүзүлбөйт
Кененирээк маалымат http://testing.kg/kg/ сайтында жана инстаграм баракчасында.
Бул жерден ЖРТ тууралуу кошумча маалыматтарды окуй аласыз:
Армияга кызмат өтөп келгенден кийин ЖРТ тапшыра аламбы?
Жалпы республикалык тестирлөөгө кантип даярданса болот? Адис жооп берет
Былтыр ЖРТга катталып, бирок барбай калгам. Быйыл акча төлөбөй катышсам болобу?