// //

Өткөндү кантип унутуп, кантип келечекке мотивация алам? Психологдун кеңеши

2020.07.03, 18:23
3230

Күнүмдүк жашоом кызыксыз. Мурунку таарынычтар, көңүлдү ооруткан сөздөр эзип жиберди. Өткөндү кантип унутам? Келечекке кантип мотивация алам? Мага кеңеш бергилечи?

Ушундай суранычтары менен кайрылган окурмандар көп. Мындай учурда эмне кылыш керек деген суроо менен психолог Мария Самсоновага кайрылдык.

Реалдуу момент гана бар

Учур чак кайда калды? Өткөн чак жок, келер чак боло элек. Адамда бир гана ушул учур, реалдуу момент бар.

Өткөн чак менен келечек – бул болгону сиздин мээңиздеги ойлор. Ошол ойлор ар бир адамдын учурдагы моментине таасирин тийгизет.

Балким, мурунку жашооңузду ойлоп андан негативдүү эмоциялар жаралып жаткандыр. Мындай ой жүгүртүүлөр абдан көп энергияны талап кылат. Бирок өзүңдөгү энергияны ага эмес, азыркы учурга, жашооңду калыптандырууга жумшоо зарыл. Себеби бүгүнкү күн эртеңки күндүн пайдубалын түптөйт.

Айлана чөйрөгө көңүл буруңуз

Сиз кечеки күндү эстеп, эртеңки күндү ойлогонуңуз менен бүгүнкү күндү такыр унутуп койдуңуз. Демек өзүңдүн жашоо тиричилигиң менен эмес, ар дайым ойлоруңуз менен алек болосуз. Мындайча айтканда, транстык абалда жүрөсүз. Болуп жаткан нерселерге, окуяларга, адамдарга маани бербейсиз, көңүл бурбайсыз.

Айлана чөйрөгө көңүл буруп көрсөңүз. Сизди жакшы адамдар, жакшы аба-ырайы, кооз табият курчап турушу мүмкүн. Бирок сиз баштагы ойлоруңуз менен алек болуп жүрө берип, эч нерсени байкабай калгансыз.

Жакшы жаңылык

Менде сиз үчүн жакшы жаңылыгым бар. Адамды ойлор жаратпайт, а бирок адам ойду жарата алат. Өзүңдүн ойлоруңду башкаруу үчүн транс абалынан чыгып, ойгонуу зарыл. Азыркы моментке концентрация кылыңыз.

Эң жөнөкөй техника:

Биринчиси

Сиз азыр кайсы жерде турасыз?

Сизди эмнелер курчап турат?

Сиз турган бөлмөдө кандай буюмдар бар?

Жөн гана аларды карап, байкаганга аракет кылгыла. Аларга баа берип, жакшы/жаман, эски/жаңы, кир/таза, деп сын пикир айтуунун кереги жок.

Экинчиси

Андан кийин өзүңүздүн денеңизге көңүл буруңуз. Организмде кандай процесстер жүрүп жатат? Сырткы келбетиңизди караңыз: жүзүңүз, моюн, көкүрөк, колдор, буттар. Эмнени байкадыңыз? Өзүңүздү кандай сезип жатасыз?

Үчүнчүсү

Эми, байкоочу позицияга өтүңүз. Сиздин максат, баштагы ойлордун кайсы багытка кетип баратканын байкоо, жана тиешелүү нукка буруп туруу. Кайсы учурда ойлор өзүнөн өзү келе баштайт? Кайсы учурда сиз ага жетеленесиз?

Буларды байкасаңыз дароо кайра реалдуу жашоого, азыркы учурга кайтып келүү. Көңүлдү жана энергияны позитивдүү тарапка багыттоо. Бул сиздин учур чактагы жашооңузга жагымдуу таасирин тийгизет.

Ийгилик!

Мария Самсонова менен инстаграмдагы @samsonova.psiholog баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөм экөөбүздү эки жыл баккан кайын агама ыраазымын

Күйөөм “менден балалуу боло албайсың, кетип эле кал” деп ыйлады

Кайын энемди көп сүйлөйт дешип жанына отургандан качышат

Эжем бай жерге турмушка чыккандан бери апам менен сүйлөшпөй калды

Кайын сиңдилүү болгондон коркуп, карындашы жок жигитке тием дечүмүн

Өч алгым келип жүргөн эски сүйгөнүмө арак көтөрүп келатып жолугуп калдым

Күйөөм кызыбызга сүйгөнүнүн атын койгонун кайын эжемден уктум

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт