Атамдын айлыгы толугу менен алимент төлөөгө кетет. Бул мыйзамдуубу?
Менин сурайын дегеним, атамдын мурунку аялынан бир кызы бар. Атам лицейде агай болуп иштейт, бардык айлыгын ошол кызга алимент катары төлөйт. Бизге бир сом да бөлүнбөй калды. Ошол мыйзамдуубу?
Эркингүл Шаршебекова
Адвокат
Саламатчылык. Кыргыз Республикасынын мыйзамы боюнча андайга жол берилбейт. Бир балага алимент төлөй турган болсо, айлыгынын 4/1 бөлүгу гана төлөнөт. Мисалы, алган айлыгы 10 000 сом болсо, анын 2500 сомун алимент катары төлөөгө милдеттүү.
Бүт айлыгы алимент төлөөго кетет, дегениңиз жаңылыш маалымат болушу мүмкүн. Себеби мыйзам боюнча 3төн ашык балага алимент төлөгөн күндө да айлыгынын 50% гана берилет. Калганы өзүнүн тиричилигине калууга тийиш.
Адвокат Эркингүл Шаршенбекованы инстаграмдагы @advokat_kg_erkingul баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.
Адвокаттын башка суроолорго жоопторун бул жактан окусаңыз болот:
Келинчегим мага айтпай туруп үйүбүздү сатып жиберген. Сотко кайрылсам болобу?
Апам үйдү өз наамына өткөргүсү келет, менин уруксатым жок өткөрө алабы?
Кайын атамдын үйүндө өгөй кайын агам турат. Үйүбүздү кантип өзүбүзго алсак болот?
Батирдин ээси жашабасам да эки айдын акчасын төлө деп жатат. Ушул туурабы?