Төрөгөнүмө бир ай болду. Этек кирим көп келип жатат. Бул нормалдуубу?
Саламатсызбы. Төрөгөнүмө бир ай, алты күн болду. Бузук кандар токтогонуна 12 күн өттү. Эми азыр этек кирим көп-көптөн келип, өңү кыпкызыл. Бул нормалдуубу? Коркунучу жокпу?
Раушан Джумагулова
“Эркай” клиникасынын адиси, акушер-гинеколог
Саламатчылык. Тез арада төрөт үйүнө барып, докутрга көрүнүңүз. Алар сизди УЗИге тартышып, анык себебин айтышат.
Сизде “плацентардык полип” болушу мүмкүн. Плацентардык полип – бул бойдон түшүп калуу, аборт же төрөттөн кийин жатын көңдөйүндө плацентанын бир бөлүгүнүн калып калышы. Анда көп сандагы кан уюп, полип калыптанат.
Плацентарный полиптин симптомдору:
- Жатындан аз-аздан кан кетип, узак убакытка чейин созулат. 4-5 жумадан кийин кандын көлөмү кескин көбөйөт.
- Көп кан жоготкондуктан баш айланат, алы кетет, шалдырайт, анемиянын өнүгүшүнө алып келет.
Доктур сизди текшерүүдөн өткөрүп, диагноз такталгандан кийин хирургиялык кийлигишүү тууралуу чечим кабыл алат.
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог Раушан Джумагулованы инстаграмдагы @erkai_clinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жерден кош бойлуулук жөнүндө дагы окусаңыз болот:
Токсикоздун белгилери жана аны жеңилдетүү жолдору
Эклампсия деген эмне? Белиглери, себептери жана кесепети
Толгоо башталганын кантип билем? Кош бойлуу келиндер үчун шпаргалка