// //

Коронавирусту күчөтүп жибербөө үчүн 6 негизги кадам. Кыскача инструкция

2020.07.02, 17:15
13225

Пандемия учурунда ооруканаларда орундар, медициналык жабдык жана дарыгерлер жетишсиз болуп жаткан шартта, сиздин симптомдоруңуз жеңил болсо медиктер үйдө эле калууну сунушташат.

Төмөндөгү инструкция Россиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин алгоритминин жана Telegram чаттагы медиктердин кеңештеринин негизинде иштелип чыкты. Бул кеңештер рекомендация түрүндө гана берилип жатат. Эсиңизде болсун, коронавирустун алгачкы белгилери байкалаары менен жашаган жериңизге караштуу Үй-бүлөлүк медицина борборуна кайрылыңыз.

Эгер сизде...

  • дене табыңыз көтөрүлсө;
  • жыт, даам сезүү жоголсо;
  • ичиңиз өтсө;
  • алыңыз кетип, тер акса;
  • муунуңуз ооруп, булчуңдар талыса

демек, сизде COVID-19дун клиникалык белгилери бар. Пандемия шартында булар тестттин оң же терс чыгышына карабастан коронавирустук инфекция катары кабыл алынат.

Сизге болбойт:

  • үйдөн чыкканга;
  • анализ тапшыруу үчүн лабораторияга барганга;
  • компьютердик томографиядан өтүү үчүн медициналык мекемелерге барганга.

Өпкөдөгү өзгөрүүлөр оорунун белгилүү бир этабында пайда болот, сиз ал учурга туш келбей калышыңыз мүмкүн. Ошол эле учурда кескин эмес өзгөрүүлөр дарылоонун тактикасын өзгөртпөйт.

Эмне кылуу керек?

№1 кадам

  • Бардыгынан, анын ичинде үй-бүлө мүчөлөрүнөн обочолонууга аракет кылыңыз.
  • Акыркы күндөрү жолугушкан жана контакт болгон тааныштарыңызга, кесиптештериңизге айтып коюу, этикага туура келмек.
  • Поликлиникага чалып, сиздеги симптомдор жөнүндө айтып бериңиз.
  • Эгер сизде пульсоксиметр бар болсо, анда жакшы. Бул аппарат кычкылтектин деңгээлин (сатурацияны) өлчөп турат. Нормага ылайык, 95% болууга тийиш.

№2 кадам

  • Тынбай суюктук ичиңиз (суу, чай, компот).
  • Вируска каршы, сезгенүүгө каршы (противовирусные, противовоспалительные) препараттарды колдонуңуз (ингавирин, тамифлю ж.б.)
  • Антикоагулянттарды колдонуңуз (аспирин кардио, тромбо асс, кардиомагнил, тромбопол).
  • Эгер температураңыз 38,5тен жогору болсо, дене табын түшүрүүчү каражаттарды ичиңиз.
  • Көмкөрөсүнөн жатыңыз.

№3 кадам

Өнөкөт ооруларыңыз болсо, аларды дарылоону улантыңыз.

№4 кадам

Бир нече көрсөткүчтөргө көңүл буруп, улам жазып туруу керек. Айрымдарын көзөмөлдөө үчүн атайын приборлор керектелет:

  • дем алуу жыштыгы;
  • дененин температурасы;
  • пульстун жыштыгы;
  • энтигүү;
  • жөтөлдүн пайда болушу/күчөшү;
  • пульсоксиметриянын көрсөткүчтөрү.

Бул маалымат сизди караган дарыгерге керек болот.

№5 кадам

Эгер температура 3-5 күнгө чейин түшпөй, же бир нече күндөн кийин кайра пайда болсо, дарыгерге билдириңиз. Антибиотиктерди доктур гана жазып бере алат!

№6 кадам

Ооруканага жатуу зарыл, эгер:

  • Дем алуу жыштыгы минутасына 30 жолу же андан көп болсо.
  • Бөлмөнүн ичинде туруп кыймылдаганда эле дем кысылып, энтигүү пайда болсо.
  • Пульсоксиметриянын көрсөткүчу 92%дан төмөн болсо.

Ден соолукта болуңуз! Эсиңизде болсун, коронавирустун 80%ы жеңил формада өтүп кетет.

Бул маалымат kaktus.media сайтынан алынды.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Коронавирус тууралуу дагы бул жерден окусаңыз болот:

Учурдагы оору курч респиратордук вирустук инфекция эмес, бул коронавирус

Коронавирус: профилактика, симптомдору, дарылоо жолдору 

Коронавирус аныкталса, бирок өзүңүздү жакшы сезип жатсаңыз, демек бул...

Ичимдик ичүү коронавирустан сактайбы? COVID-19 врусу тууралуу миф

 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт