// //

Үйдөгүлөр көңүлүмдү ооруткан сөздөрдү көп айтышат, ошондуктан аларга сүйлөбөйм

2020.07.01, 13:38
1277

Саламатсызбы. Менин суроом бар эле. 18 жаштамын, негизи мүнөзүм токтоо, жиним деле бат келбейт. Бирок ачуума тийсе 2-3 күн сүйлөбөй жүрө берем. Кекчилмин, мага жасаган мамилени такыр унутпайм. Бирөө капа кылып койсо, бир нече күн кабагымды түйүп жүрө берем.

Өзүм шайыр кызмын. Досторум менен болгондо маанайым жакшы, ачылып жүрөм. Бирок үйдөгүлөргө андай эмесмин. Маанайым дароо өзгөрөт, көңүлүмө жакпаган сөздөрдү көп айтышкандыгы үчүн аларга такыр сүйлөгүм келбейт.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
01.07.2020, 13:43

Асель Баимбетова

Психолог

Саламатчылык. Көңүлдү ооруткан сөздөргө ачуулануу – бул нормалдуу реакция. Болгону өзүңүздүн абалыңызды айтып, жеткирүүгө үйрөнүңүз. Ошондо таарынуу бир нече күнгө созулбайт.

Мисалы: мага сиздин мени менен мындай тондо сүйлөшкөнүңүз жакпайт. Сенин мени шылдыңдаганыңа ачууланам. Мага мындай мамиле кылганыңарда капа болом, көнүлүм ооруйт, ж.б.

Такыр болбоду дегенде, “болду токтот”, деп айтсаңыз болот.

Башкача айтканда, сиз дароо, ошол замат, ошол жерден жаныңыздагы адамга өзүңүздүн сезиминизди жана абалыңызды жеткирүүгө үйрөнүп жатасыз. Эгер жакындарыңыздын сизге карата ниети түз болсо, алар  түшүнүүгө аракет кылып, сизге карата мамилесин өзгөртүшөт.

Ийгилик!

Психолог Асель Баимбетова менен инстаграмдагы @psihologiya_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Үй-бүлөлүк мамилелер тууралуу бул жерден дагы окусаңыз болот:

Менин көңүлүмдү калтырса мейли го, балдар чоңоюп соз түшүнүп калышты

Кайын энем ооруп калсам эле уруш чыгаргысы келе берет. Эмнеге мындай?

Бөлүнөлү десем, кайын энем ынабай жатат. Эмне кылышым керек?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт