// //

Жонуна көтөрүп алып дааратканага алып барган кайын энеме рахмат

2020.06.30, 12:27
21210

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. 

"Кайын энем колумду муздак сууга тийгизбей бөпөлөйт"

- Кесарево кылабыз.

- Эмнеге?

- Анализдериңиздин жыйынтыгы жакшы эмес. Ким менен келдиңиз эле?

- Жолдошум.

- Чакырыңыз, кирсин.

Дартымдын атын айтпай эле коеюн. Кыскасы баламды мөөнөтүнөн эрте төрөй турган болдум. Машинада үнсүз бараттык. Бир убакта күйөөм рулдан бир колун бошотуп колумду кармады.

Жакында ата-эне болорубузду билгенде так секире сүйүнгөнбүз. Эмне болду экен деп чуркап келе калган кайын энем, бизге кошулуп секиргени эсимде. Күлүп да, ыйлап да жаттык. Ананчы, көптөн күткөн тилегибиз эле. Ошол күндөн тарта баары мени эркелете башташты.

Кайын энем колумду муздак сууга тийгизбей, бутума кабаттап байпак кийгизип бөпөлөйт. Күйөөм “бүгүн эмне жегиң келип жатат” деп айткандарымды алып келгенге шашат. Кыскасы, кош бойлуулуктун бакытын болушунча татып жаттым.

Төрөткана. Кыялымда баламды өзүм көтөрүп чыгышым керек эле.  Тилекке каршы, андай болбоду. Күйөөм машинага чейин коляска менен сүйрөп барды.  Балам кайын энемдин колунда. Куттуктап келген туугандарга дагы жакшы көңүл бөлө албай калдым.

Баламды колума алып көтөргүм келет. Бирок, азырынча эмизип бергенге эле жарайм. Бүкүрөйүп, жөрмөлөп жүрөм. Кайын энем байкуш балама кошуп мени багат: киринтет, тигилген жеримди “обработка” кылат, ич кийимдеримди жууйт, баламды эмизгиче тамак жасайт, кыйналып жатканымды көрүп жаны кейийт дегендей. Күйөөм болсо түнү менен уктабай баланы карайт. Эртең менен уйкусурап жумушуна жөнөйт.

Бир күнү бутума айнектин сыныгын киргизип алдым. Мага ошол эле жетишпей жатты эле. Араң кыймылдап жүргөн жаным, эми такыр баса албай калдым. Анан эмне болду дебейсиңерби, күйөөм жокто, кайын энем жонуна көтөрүп алып дааратканага алып барып, кайра алып келе баштады. Жонуна көтөрүп дегеним, таянып алганым, минген жерим жок. Өзүм барам десем укпайт. Жүк болгонумду айтсам, “атайын кылып жаткан жериң жок, андай сөздөрүңдү укпайын” деп урушат.

Ошентип, кайын энем менен күйөөмдүн аркасы менен жараттарым айыгып бутума турдум. Мындай күндөрдө жаныңда жүргөндөргө маани бербейт экенсиң. Бирок, башыңа кыйынчылык түшкөндө кимдин-ким экени билинет тура. Ушунча бактылуу адам экенимди билген эмесмин. Кайын энеме ыйлап рахматымды айттым. Бирок, баары бир ага өмүр бою карызмын.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөм кызыбызга сүйгөнүнүн атын койгонун кайын эжемден уктум

Баламды кайын эжеме таштап Москвага кетсем, сууга агып чарчап калыптыр

Үйлөнөйүн десем мага жаккан кыз жоолук салынууга макул болбой койду

Жигитим "ата-энеңе акча салба" деп айлыгымды алганга шашылат

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт