Жигитиме мамилени токтотолу деп айтып, анан кайра эле өзүм байланышып алам
Саламатсызбы. Мен бир бала менен үч жарым жыл сүйлөштүм, бири-бирибизди жакшы билип калганбыз.
Ар дайым ага сүйлөшпөй эле коелу, - деп тажата берем. Себеби аны “бабник” деп ойлойм. Бирок жигитим макул болбойт.
Болду, токтотолу! - дейм дагы, анан кайра эле өзүм байланышып алам. Жигитимди аябай жакшы көрөм. Анан кайра кыйналам.
Сураныч, ушул проблеманы чечип берип коюңузчу?
Асель Баимбетова
Психолог
Саламатчылык. Сиз сүрөттөп жаткан мамилелер психологияда жетиле элек, көз каранды мамиле, деп аталат. Сиздин эмоционалдык абалыңыз ал жигиттин бар-жогунан көз каранды экен.
Мындай мамиле курууга бала кезде сизге жасалган мамиле да таасир этиши мүмкүн. Балким, сиз атасы жок үй-бүлөдө өскөнсүз, же атаңыз болсо деле сизге аз убакыт бөлгөн. Бул шартта чоңойгон адам кийин өнөктөшүн этектей берет. Ансыз, жашай албачудай болуп, жалгыз калуудан коркот.
Өзүңүздүн психологиялык сабаттуулугуңузду өстүрүңүз, интернетте “көз карандылык мамилелерден кантип чыгуу керек” (Как выйти из со-зависимых отношений) деген түрдүү видеолор, тренингдер, макалалар көп. Кааласаңыз психологго жарым жылдан кем эмес барып көрүңүз.
Бактылуу болуңуз.
Психолог Асель Баимбетова менен инстаграмдагы @psihologiya_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Кыз-жигиттердин мамилелери тууралуу бул жерден окусаңыз болот:
Сүйлөшкөн кызыма жуучу түшсө жигитим бар, деп айтпаптыр. Эмне кылышым керек?
Жигитим быйыл үйлөнөлу деп жатат. А мен арсар болуп жатам
Жигитим үйлөнсөк иштетпейм, өзүм багам деп айтат. Эмне кылышты билбей турам
Сүйөшкөн кызымды өбө элекмин. Эмне кылсам болот? Психологдун кеңеши