Түркия ишке орношуу үчүн акча төлөгөнбүз, ошону кайра кайтарып ала алабызбы?
Саламатсызбы. Сурайын дегеним, курбум экөөбүз фирма аркылуу келишим түзүп, “собеседованиеден” өтүп, Түркия мамлекетине иштөөгө кетмекпиз. Визага жана фирманын кызматына деп 350 доллардан төлөгөнбүз. Карантин башталып калып кетпей калдык. Фирмага байланышсам, жооп жок.
Билейин дегеним, биз төлөгөн акчаны кайра кайтарып алганга укугубуз барбы? Толугу менен ала алабызбы же кандайдыр пайызынбы? Алдын ала, рахмат.
Ширин Алмазова
“Линия защиты” коомдук фондунун адиси, адвокат
Саламатчылык. Сырттан туруп кандай экенин айтып бере албайм. Ал үчүн ортодо түзүлгөн келишимди шарттарын карап чыгуу зарыл.
Учурдагы мыйзамга ылайык жумушчуларды жөнөтүүчү фирмаларга жаран менен чет элдик жумуш берүүчүнүн ортосунда келишим түзүлмөйүн, көрсөткөн кызматы үчүн акы алууга тыюу салынат.
Эгер фирманын телефон номерлери жооп бербей жатса, КРдин Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматына арыз менен кайрылууну сунуштайм. Аталган орган чет өлкөлөргө жумушка орношуу тармагын мамлекет тараптан көзөмөлдөп турат.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Адвокат Ширин Алмазова менен @almazova__s инстаграм аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.
Адвокаттын башка суроолорго жоопторун бул жерден окусаңыз болот:
Мурунку аялым кызым менен жолуктурбайт. Эмне кылышым керек?
Балам мектептен колун сындырып алды, кимде жоопкерчилик? Адвокат жооп берет
Күйөөм мени сабачу, эми милицияга арыз жазсам болобу? Адвокат жооп берет
Кызымды кайын эжеме жаздырууга каршымын. Менсиз өткөрүп албайбы?