// //

Күйөөмдөн боюнда бар кыз аны сотко берип, үй талап кылып жатыптыр

2020.06.29, 10:59
1578

Жолдошум экөөбүз үч баланын ата-энесибиз. Ортодо жакшы-жаман күндөр өттү, бирок алардын баарына ыраазымын. Азыр мени ойлондурган нерсе, бир кыз күйөөмдү сотко берип коюптур, себеби андан беш айлык боюнда бар экен. Кыздын талабы боюнча күйөөм ага үй алып бериши керек экен. Күйөөмдү кыздар менен көп эле жолу кармасам дагы кечирип келгем. Эми болду кечире албайм. Сурайын дегеним, мен дагы ажырашсам, күйөөмдү сотко берип үй алдыра аламынбы?

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
29.06.2020, 11:01

Нурислам Раимжанов

"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи

Урматтуу окурман! Күйөөңүз менен мындан ары үй-бүлө куруу мүмкүн эмес деп эсептесеңиз, сот тартибинде ажыраша аласыз. Ажырашуу учурунда жубайлардын ортосундагы мүлктү бөлүп алуу, алимент өндүрүү боюнча маселени козгосоңуз болот. Бул үчүн сотко өтүнүч бересиз, сот карап чыгат. Сот тартиби боюнча “мага үй берсин” деп айта албайсыз. Мындай талап коюу практикабызда кездешкен эмес. Эгер моралдык жактан зыян тартканыңыды көрсөтүп, анын ордуна үй же акчалай түрдө компенсация берсин деген мааниде сотко доо арыз менен кайрылсаңыз башка кеп. Сот доо арызыңызды карап чыгып, канчалык деңгээлде моралдык зыян тартканыңызды аныктап, чечим кабыл алат.

Бул жерден юристтин башка суроолорго жоопторун окусаңыз болот:

Ажырашуудан кийин мүлктү бөлүштүрүү. 10 суроого адвокаттын жообу

Биринчи ЗАГСты кыркпай туруп, экинчисин алса болобу?

Кайын атам үйдү баласына эмес, небереме жаздырам дейт

Кайын-журтум кызымды алып калып, мени үйдөн кууп чыкты

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт