Апам мени үйдө төрөгөнүнө байланыштуу бир дагы документим жок. Эмне кылам?
Саламатсызбы! Мени апам 1999-жылы үйдө төрөгөн экен. Кийин төрөт үйүнө барып документ албаптыр. Төрөлгөнүм тууралуу маалымкатым жок. Атам менен апам каза болуп калган. Эми документтеримди бүтүрө албай жатам. Аябай кыйналып кеттим. Өздүгүмдү тастыктаган бир дагы документ жок. Мектепти дагы 9-класска чейин эле окугам, анда дагы документсиз.
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Туулгандыңыз тууралуу фактыны Кыргыз Республикасынын Жарандык процессуалдык кодексинин негизинде аныктоо керек. Бул үчүн жактоочунун жардамы менен сотко кайрылуу зарыл. Bilesinbi.kg редакциясынан менин телефонумду алып, байланышка чыксаңыз, жол-жоболорун түшүндүрүп, керектүү документтердин тизмесин айтып, сотко кантип кайрылуу керектигин айтып берем. Практикабызда сиздикине окшош учурлар болгон жана биз тастыктап бергенбиз.
Бул жерден юристтин башка суроолорго жоопторун окусаңыз болот:
Биринчи ЗАГСты кыркпай туруп, экинчисин алса болобу?