// //

Келинчегим себепсиз эле кетип калган, эми кайра өкүнүп жатат. Эмне кылсам?

2020.06.26, 11:53
1699

Келинчегим экөөбүз сүйлөшүп жүрүп баш кошконбуз. Ортобузда бир бала бар. Кийин себепсиз эле кетип калды, ата-энең менен жашабайм дейт. Баш кошкондон бери ата-энемди ата-апа деп айта албай койду.

Эми кетип калганына өкүнүп жатат. Алып келейин десем, энем каршы. “Бул аял сени жыргатпайт, жашаба. Алып келе турган болсоң биздин үйгө келбе” – дейт. Чынын айтсам өзүмдүн сезимдерим деле калган жок. Бирок ортодо балабыз бар. Ал эмне болот? Эмне кылышты билбей турам?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
26.06.2020, 11:55

Асель Баимбетова

Психолог

Саламатчылык. Эгер сизге бала кымбат болсо, келинчегиңизге дагы бир мүмкүнчүлүк берип көрүңүз. Кайрадан бирге жашап, үй-бүлө куруңуз. Бирок ата-энеңзден бөлүнүп, өз алдынча турууга аракет кылгыла.

Алдын ала келинчегиңиз менен жолугушуп, ал үй-бүлөлүк жашоодон жана сизден эмнени күтөт, сураңыз. Өзүңүз да бирге турмуш курууну кандай көрөсүз оюуңузду билдириңиз.

Бир пикирге келсеңер, бирге жашоого каалооңор пайда болсо ата-энелериңерге айтып, өз алдынча тиричилик жүргүзүп көргүлө.

Бактылуу болуңуз!

Психолог Асель Баимбетова менен инстаграмдагы @psihologiya_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Үй-бүлөлүк мамилелер тууралуу бул жерден дагы окусаңыз болот:

Менин көңүлүмдү калтырса мейли го, балдар чоңоюп соз түшүнүп калышты

Кайын энем ооруп калсам эле уруш чыгаргысы келе берет. Эмнеге мындай?

Бөлүнөлү десем, кайын энем ынабай жатат. Эмне кылышым керек?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт