// //

Паспорт жоготуп же таап алганда эмне кылуу керек? Табылгалар бюросу

2018.12.07, 13:13
4795

Документтерди жоготтуңузбу? Балким сиздин жоголгон документтериңизди кимдир-бирөө таап алып, табылгалар бюросуна алып келгендир. 

Жоголгон документтерди таап алсаңыз:

  • Бишкек шаарынын, Ибраимов көчөсүндөгү, №99 дареги боюнча Даректик-маалымдама бюросуна;
  • КРнын Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) бардык аймактык бөлүмдөрүнө;
  • “Кыргызпочтасы” МИнын кеңселерине тапшырыңыз.

Жоголуп кеткен документтер тапшырылганда “Табылгалар бюросу” системасына киргизилет. 

Жарандар документтерин кайрадан калыбына келтирүүдөн мурун, порталга кирип, ПИН деген жерге паспортто көрсөтүлгөн 14 сандуу идентификациялык номерин жазып, робот эмес экенин тастыктап, бирөө таап алган жокпу текшере алат. 

Эгерде суроо пайда болсо, МККнын колл-борборуна кайрылыңыз: 119 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт