// //

Учурдагы оору курч респиратордук вирустук инфекция эмес, бул - коронавирус

2020.06.25, 16:26
2124

Учурда эч кандай курч респурадордук вирустук инфекция жок, жүрүп жаткан оору - коронавирус

Саламаттыкты сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы пульмонологу Талант Сооронбаевдин айтканына караганда, өлкөдө КРВИ (Курч респиратордук вирустук инфекция) жүрбөй эле, элдер туш болгон оору - коронавирустук инфекция. COVID-19 дагы курч респиратордук вирустук инфекциялардын катарына кирет. Болгону бул жаңы жогорку контагиоздук инфекция.

Ошондуктан дене табы көтөрүлүп, өзүн начар сезип жаткан жарандардын бардыгынан үйдө болгула, деп суранып жатабыз.

Эгер абалыңыз өтө курч эмес, температураңыз да чыдагыдай болсо, анда үйдө эле калып, үй-бүлө мүчөлөрүнөн мүмкүн болушунча обочолонууга, изоляцияланууга аракет кылгыла. Изоляция - бул демек эч ким менен контактыга барбоо жана коомдук жайларга чыкпоо.

Ооруканаларга, менчик клиника жана лабараторияларга барбай эле турган туура.

Себеби бул иш аракеттериңиз менен оорунун андан ары жайылышына шарт түзүп жататсыз.

Ооруп калган ар бир адам жакындарынын жана аны курчап турган адамдардын ден соолугуна жооптуу мамиле кылууга тийиш. Эгер абалыңыз күчөп, демиңиз кысылып баштаса, анда 118 номерине же үй-бүлөлук дарыгерге чалыңыз.

Сизге мобилдик бригада жөнөтүлүп, госпитализация зарыл же жок экенин айтышат.

КРВИ, грипп жана COVID-19дун симптомдору абдан окшош. Аларды анализ аркылуу гана айырмалоого болот. Бирок КРВИ же грипп менен ооруган адам мынчалык көп кишиге оору жугузбайт. Анын үстүнө азыр аталган оорулардын сезону эмес.

Симптомдордогу айырмачылыктар

     Симптомдору      Коронавирус      Суук тийүү       Грипп
Температура көтөрүлөт    көбүнчө    сейрек    көбүнчө
Шалдырайт    кээде эле    кээде эле    көбүнчө
Жөтөлөт    көбүнчө (кургак)     сейрек    көбүнчө (кургак) 
Чүчкүрөт    жок    көбүнчө    жок
Муундар ооруйт    кээде эле    көбүнчө    көбүнчө
Мурун бүтөт    сейрек    көбүнчө    кээде эле
Тамак ооруйт    кээде эле    көбүнчө    кээде эле
Ич өтөт    сейрек    жок    кээде эле
Баш ооруйт    кээде эле    сейрек    көбүнчө
Энтигип дем алат    кээде эле    жок    жок

Эгер ооругандар өз алдынча изоляцияанса, бул саламаттыкты сактоо системасына келип жаткан жүктү кыйла жеңилдетмек, дейт Талант Сооронбаев.

Өзүндө коронавирустун симптомдорун байкаган адамдарга төмөнкү рекомендацияларын берди:

  • Биринчиден, Бардык симптомдорго олуттуу көңүл бөлгүлө. Дене табы көтөрүлгөндөр дароо өзүңөрдү обочолоп, 12-14 күнгө чейин эч жака чыкпагыла
  • Экинчиден, паникага алдырбагыла. Эгер демиңиз кысылбаса, симптомдор өтө курч эмес болсо, анда үйдөн эле дарылануу сунушталат. Мисалы, температураны басуучу препараттарды ичүү – парацетамол же ибупрофен. Эгер дене табы 38,5тен жогору болсо. Андан тышкары тынымсыз суу ичип, жатып эс алуу керек. Көпчүлүк бейтаптар үйүнөн эле дарыланып жакшы болуп кетишүүдө.
  • Үчүнчүдөн, үй-бүлөүк дарыгериңиз менен байланышып, телефон аркылуу консультация алып тургула.

Дарыларды, өзгөчө антибактериалдык препараттарды өзүм билемдик менен ичүү коопту. Дарыгердин сунушу менен гана кабыл алыңыз.

Ден соолукта болгула!  

Маалымат kaktus.media сайтынан алынды. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт