“С” тамгасын жакшы айта албайм. Кантип оңолсом болот? Логопед жооп берет
"С" тамгасын жакшы айта албайм, эмне үчүн мындай болот жана муну оңдоо мүмкүнбү?
Рано Бусакова
Логопед
Саламатсызбы. Ооба, бул оңоло турган деффект. Аны оңдоонун мөөнөтү жана эффективдүүлүгү адамдын жаш курагынан жана каалоосунан көз каранды.
Сиз көп жылдан бери белгилүү бир тыбыштарды белгилүү бир ыкма менен чыгарганга көнүп калгансыз. Бала кезден бери калыптанып калган адаттан арылуу оор.
Бирок, сизде бир чоң плюс бар: сиз өзүңүздөгү деффектини байкадыңыз, анын деффект экенин моюнга алдыңыз, жана коррекция кылуу үчүн демилге көтөрүп чыктыңыз. Коррекция жасоо үчүн адиске кайрылып, бардык этаптардан өтүү зарыл.
Бул этаптардын башкысы – добушту кайрадан коюу жана аны автоматташтырууга жеткирүү.
Добушту коюу этабында логопед “С” тамгасын айтуу үчүн артикуляция органдары (эрин, тиш, тил ж.б.) кандайча иштей турганын жана кандайча жайгашуусу керек экенин түшүндүрүп берет.
Автоматташтыруу өзү да бир нече этаптан турат:
- Муун ичинде тыбышты автоматташтыруу;
- Фразанын ичинде тыбышты автоматташтыруу;
- Сүйлөмдө тыбышты автоматташтыруу;
- Ыр жана жаңылмачтарда тыбышты автоматташтыруу.
Жогорудагы этаптрдын бардыгынан өткөндөн кийин тилиңизди оңдоп алсаңыз болот.
(Эскертүү! Бардык этаптар кыскача жана үстүртөдөн гана айтылды!)
Ийгилик!
Логопеддин башка суроого жообун бул жерден окусаңыз болот:
“Р” тамгасына эмгиче тилим келбейт, эмне кылышым керек? Логопед кеңеш берет
Кекечтенип сүйлөйм, бул нерседен арыла аламынбы? Логопед жооп берет
Үч жаштагы балам кекечтенип сүйлөп калды, себеби эмнеде? Логопед жооп берет