Апам чайды аябай көп ичет, бул зыян эмеспи?
Сурайын дегеним, апам аябай көп чай ичет. Кээде түнү менен туруп деле иче берет. Көп чай ичкен зыян, деп айтам, бирок эмнеси зыян экенин билбейм.
Апам болсо, көп жылдан бери ичем, эч нерсе болбойт, деп коет.
Чынында эле зыянбы? Ошондой болсо түшүндүрүп коеюн.
Алтынай Джуманазарова
Нутрициолог
Кара чай зыян деле эмес, бирок эч кандай пайдасы да жок. Башкысы аны кант, бал, варенье кошпой ичүү зарыл. Антпесе адам, бир күндүк дозасынан көбүрөөк ичип алат.
Бардык суусундуктардын ичинен эң пайдалуусу – бул кадимки, кайнатылбаган суу. Үйгө атайын фильтр идиш алып коюп, күнүнө 2-3 литрден ичип турсаңар болот.
Көк чай менен кофени да ченеми менен ичүү зарыл. Болжол менен күнүнө 5 чыныдан көп эмес. Эсиңзде болсун кофе - кан басымды көтөрөт, ал эми көк чай тетирисинче – төмөндөтөт.
Менин кеңешим, кадимки сууну көбүрөөк ичүүгө аракет кылгыла. Организм үчүн бул эң пайдалуусу.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жактан дагы окусаңыз болот:
Үй шартында кантип арыктаса болот? Нутрициолог айтып берет
Арыктоо үчүн кадимки суу ичиш керекпи же кайнак суубу? Нутрициолог жооп берет
Арык адамдар семирүү үчүн кандай тамак жеши керек? Нутрициолог жооп берет
Кошумча суроолоруңар болсо нутрициолог Алтынай Джуманазарованы “Шпинатные хроники” telegram каналынан, же @nutrition.kg инстаграм баракчасынан тапсаңыз болот.