Спираль салдыргам, көп кан кетип жатат. Бул нормалдуубу?
Спираль салдыргам, көп кан кеткендиктен алдырып, дарыланып, кайра салдыргам. Экинчи ирет да ошол эле көрүнүш болуп жатат. Айылдагы ФАП көп деле билбейт экен.
Бул нормалдуубу? Биротоло алдырып салышым керекпи? Кош бойлуулуктан коргонуунун башка жолдору барбы?
Светлана Коздрович
Гинеколог-эндокринолог
Саламатчылык. Жок, бул нормалдуу эмес. Эгер спираль орнотулгандан кийин жатын аны кабыл албай, организм көнбөй жатса, улам кан кетсе, демек сизге спираль салдырган болбойт. Кандайдыр каршы көрсөтмөлөр бар болушу мүмкүн.
Менин сунушум, өзүңүздү кыйнабай, контрацепциянын башка ыкмасын тандаңыз. Улам кан кете бергени жакшы эмес. Анемия оорусу пайда болуп, анын артынан башка оорулар да козголушу мүмкүн.
Ден соолукта болуңуз.
Бойго бүтүрбөөчү каражаттар тууралуу бул жактан кененирээк окусаңыз болот:
Бойго бүтүрбөөчу каражаттар. Кайсынысы ишенимдүү?
Гинеколог-эндокринолог Светлана Коздровичти инстаграмдагы @arzclinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жерден кош бойлуулук жөнүндө дагы окусаңыз болот:
ЭКО деген эмне? Кимдерге жасалат? Баасы канча турат? 10 суроого жооп
Токсикоздун белгилери жана аны жеңилдетүү жолдору
Эклампсия деген эмне? Белиглери, себептери жана кесепети
Толгоо башталганын кантип билем? Кош бойлуу келиндер үчун шпаргалка