// //

“Жазгы Бишкек” ала качууга каршы мобилдик оюн-сериалы

2020.06.23, 17:26
1581

“Жазгы Бишкек“ - бул “Чабалекейлер” тиркемесиндеги оюн-сериалы. Кыздарга жигиттер менен мамиле курууда базалык укуктарын үйрөтүп, ала качканда эмне кылыш керек экенин түшүндүрөт. Бул тууралуу “Айкын багыт” фондунун директору Мунара Бекназарова айтып берди.

Оюндун башкы каарманы күтүлбөгөн жерден оор кырдаалга туш болот: биринчи курста чогуу окуган курбусун ала качып кетет, анын ата-энеси жана туугандары элдин сын пикиринен коркуп, кызды алып кетишпейт. Бул учурда сиз курбуңузду сактап калуу же кийлигишпөө жөнүндө чечимди кабыл алышыңыз керек, анткени окуянын башкы каарманы – сиз болосуз.

Оюндагы бардык аракеттер курбуңуздун атынан өтүп жаткандыгына карабастан, бир бөлүмдө сиз ала качкан кыздын ордуна өзүңүздү коюп, анын абалында болуп, ала качкан адамдын үйүндө калууну же кетүүнү чечесиз.

Сценарийди жаратууда никеге туруу үчүн ала качууга дуушар болгон кыздардын башынан өткөн чыныгы окуялар чогултулган.

Оюндун негизги максаты кыздардын укуктары жана ала качууда аларды коргой турган мыйзамдар жөнүндө маалымат берүү. Оюндун башкы каарманы анын курбусун ким ала качып кеткендигин териштирип,  журналисттик блокнотуна маанилүү кеңештерди жазып алат:

  • Кыздарды ала качуудан кандай мыйзамдар коргойт?
  • Кимдир бирөөнү ала качкан болсо, кайда кайрылуу керек?
  • Милицияга кантип жана кайсы учурда кайрылыш керек?
  • Ала качкан адамдын үйүндө эмне кылуу керек?

Эскертүүлөрдү окуп, билимин текшерүү үчүн тесттерден өткөндүгү үчүн, оюнчу “чабалекей” түрүндө сыйлык алат, аны жашыруун көрүнүштөрдү жана эң кызыктуу сюжеттик сырларды ачууга жумшайт.

Кыргызстандагы мыкты юристтер жана психологдор оюндагы эскертүүлөр үчүн материалдарды түзүүгө жардам беришти - деп түшүндүрөт “Айкын багыт” фондунун директору Мунара Бекназарова.

Бул оюнду орус жана кыргыз тилдеринде ойной аласыз. Интерактивдүү “китепте” 11 бөлүм бар, азыркы учурда биринчи үч бөлүмү даяр. Калган бөлүмдөр жума сайын сериал катары чыгарылат – чыккан күндөрү жөнүндө социалдык тармак аркылуу алсаңыз болот.

Оюнду акысыз түрдө азыр эле Android же iOS аркылуу жүктөп алсаңыз болот.

 

 

 

Android үчүн жүктөө:

https://play.google.com/store/apps/details?id=info.scafandergames.lastochki

iOS платформасына жүктөө:

https://apps.apple.com/by/app/%D0%BB%D0%B0%D1%81%D1%82%D0%BE%D1%87%D0%BA%D0%B8-%D0%B2%D0%B5%D1%81%D0%BD%D0%B0-%D0%B2-%D0%B1%D0%B8%D1%88%D0%BA%D0%B5%D0%BA%D0%B5/id1515604602  

Авторлору ала качууну алдын алуу боюнча иштеген “Айкын багыт” фонду, активист жана сценарист Мария Середа, UX-специалист Ирина Леу, сүрөтчү Татьяна Зеленская жана программист Влад Касаткин.

Долбоорду түзүүдө командага дүйнө жүзүндөгү ондогон активисттер жана эксперттер жардам беришкен. Долбоор Сорос-Кыргызстан Фонду, Sigrid Rausing Trust жана Европа союзу менен БУУнун биргелешкен «Теңдик нуру» демилгеси тарабынан каржыланды.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт