Жигитимен кош бойлуу болуп калдым. Аны сотко берсем болобу?
Жигитим бузуп, боюмда болуп калды. Башында үйлөнөм деп жүргөн, эми алдырталы, дейт. Кийин, чоң той менен үйлөнөлү деп жатат, анысына ишенбей да калдым. Үйдөгүлөр билбейт. Мени алдаганы үчүн аны сотко берсем болобу? Канча жылга кетет?
Эркингүл Шаршенбекова
Адвокат
Саламатчылык. Сурооңуз кичине түшүнүксүз экен. Ошондо сиз ал жигитти зордуктады, деп сотко бергени жатасызбы? Эгер зордуктаган болсо, анда кандай ыкма менен: урдубу, коркуттубу, күч колдондубу? Качан? Кайсы жерден? Канча жолу? -деген суроолорго так далилдериңиз болсо, анда ал жигит кылмыш жоопкерчилигине тартылат.
Эгер бул иш сиздин макулдугуңуз менен болсо, анда анын кыймыл аракетинде кылмыштын курамы жок, деген жооп аласыз.
Саламатта болуңуз.
Адвокат Эркингүл Шаршенбекованы инстаграмдагы @advokat_kg_erkingul баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.
Адвокаттын башка суроолорго жоопторун бул жактан окусаңыз болот:
Келинчегим мага айтпай туруп үйүбүздү сатып жиберген. Сотко кайрылсам болобу?
Апам үйдү өз наамына өткөргүсү келет, менин уруксатым жок өткөрө алабы?
Кайын атамдын үйүндө өгөй кайын агам турат. Үйүбүздү кантип өзүбүзго алсак болот?
Батирдин ээси жашабасам да эки айдын акчасын төлө деп жатат. Ушул туурабы?