// //

ЖРТга бир күн калганда документ тапшырса болобу?

2020.06.19, 10:37
1198

Саламатсызбы! Карантинге байланыштуу ЖРТга документ тапшыра албай калып, эми тестке катыша албай жатам. Кантип документ тапшырам? ЖРТга бир күн калганда дагы регистрация болобу?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
19.06.2020, 10:39

Чынара Батракеева

Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борборунун өкүлү

20, 23- июнда бардык тест борборлорунда саат 13.00 – 17.00 чейин тестке кошумча каттоо өткөрүлөт. Кошумча каттоо ар кандай себептер менен тестке өз убагында каттала албай калган абитуриенттер үчүн жүргүзүлөт. Тестке каттоо акысы - негизги тест үчүн 370 сомду жана ар бир предметтик тест үчүн 370 сомду түзөт. Каттоо акысы РСК-банкына төгүлөт. Катталып жаткан учурда абитуриенттердин колунда төмөнкүлөр болушу керек:

  • Каттоо төлөмдөрү төгүлгөндүгүн тастыктаган РСК банктын квитанциясы.
  • Инсанды күбөлөндүргөн документ (паспорт же аскердик күбөлүк, айдоочунун күбөлүгү).
  • 1 жылдан ашпаган мөөнөт ичинде тартылган, 3х4 см өлчөмүндөгү эки бирдей сүрөт.
  • Мурдагы жылдардын бүтүрүүчүлөрү үчүн орто билим жөнүндө аттестаттын түп нускасы же орто кесиптик билимди тастыктаган дипломдун түп нускасы.
  • 2020-жылдын бүтүрүүчүлөрү мектептен алынып, директордун колу жана мектептин мөөрү басылган маалымкатты (справка) тапшырыш керек. Маалымкатта абитуриенттин сүрөтү чапталып, сүрөттө маалымкатты берген окуу жайды мөөрү басышлышы милдеттүү түрдө талап кылынат.

Жогоруда саналган документтердин бири гана жок болгон учурда каттоо жүргүзүлбөйт!

Кененирээк маалымат http://testing.kg/kg/  сайтында жана инстаграм баракчасында.

Бул жерден ЖРТ тууралуу кошумча маалыматтарды окуй аласыз:

Армияга кызмат өтөп келгенден кийин ЖРТ тапшыра аламбы?

Жалпы республикалык тестирлөөгө кантип даярданса болот? Адис жооп берет

Былтыр ЖРТга катталып, бирок барбай калгам. Быйыл акча төлөбөй катышсам болобу?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт