// //

Келиним менен теңтуш немелердей айтышабыз, ортодо уулум эле кыйналды

2020.06.11, 15:12
1654

Мен 47 жаштамын, эки баланын энесимин. Уулум 30да, кызым 20да. Балам үйлөнүп, бир балалуу болду. Баарыбыз бирге турабыз. Бирок беш жылдан бери келиним экөөбүз тил табыша албай койдук.

Акыркы күндөрү теңтуштай эле айтышып, урушуп кетчү болдук. Ортодо балам эле кыйналды. Келиним экөөбүздү элдештиргенге аябай аракет кылат. Мындай мамилебиз анын турмушуна терс таасирин тийгизеби, деп корком.

Өзүнчө бөлүп коеюн десем, баламды кое бергим келбейт. Ар дайым жанымда болушун каалайм.

Келинимдин да кыялы укмуш. Бир туруп, өзүмдүн мүнөзүмө окшоштурам. Негедир жек көрүү сезими пайда болуп жатат. Кандай чечим чыгарарымды билбей калдым. Кеңеш бергилечи?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
11.06.2020, 15:12

Асель Баимбетова

Психолог

Саламатчылык. Сиз аябай жаш, болгону 47 жашта экенсиз. Уулуңузду кое берип өз алдынча жашоосуна мүмкүнчүлүк берсеңиз деле болчудай.

Көбүнчө уулдар апасына окшош аял алышат. Өзүңүздүн айтымыңызда да келин сизге окшош. Сиз өзүңүздөгү терс сапаттарды кабыл ала албайт окшойсуз. Экөөңөрдүн окшош кыял-жоруктарыңар көзүңүзгө оркоюп көрүнүп калат, ошого кыжырданып, ачууңузду андан чыгарып жатсаңыз керек.

Түшүнгөнүмө караганда келиниңиз экөөң тең урушчаак, же бийликти сүйгөн, көз карандысыз айымдарсыз. Сиз энелик, кайын энелик абройду пайдаланып, бардыгын көзөмөлдөп, бардыгынын сизге баш ийип туруусун каалайсыз.

Келиниңиз да сизге окшоп эркиндикти, өз алдынчалыкты каалайт. Баш ийгиси келбейт. Келинди атаандаш катары кабыл алып жататсаңыз керек, теңтуштарча айтышканыңар да балким ошондон.

Сиз энесиз, сиздин ордуңуз башка, келиниңиз уулуңуздун аялы, анын орду башка. Сиз эч качан балаңызга аял болуп бербейсиз, келин эч качан күйөөсүнө эне болуп бербейт.

Уулуңузду кое беригиңиз келбесе, анда келин менен тил табышканга аракет кылыңыз. Жок, анте албайм десеңиз, анда аларды өзүнчө бөлүп, келин менен сый мамиледе болуңуз.

Конфликти күч, кысым көрсөтүү аркылуу чечпестен, редакцияга кайрылып башка жолдорун издеп жаткандыгыңыз мени кубандырды. Бул аракетиңиз үчүн сизге болгон сыйлоо сезими пайда болду.

Эстүү аял окшойсуз, менимче, бул көйгөйдү чечүү сиздин колдон келет.

Ийгилик!

Сиз үчүн Айрым энелер уулдарын “психологиялык күйөөсүнө” айландырышат деген макала пайдалуу болот болуш керек, окуп көрүңүз.

Психолог Асель Баимбетова менен инстаграмдагы @psihologiya_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Үй-бүлөлүк мамилелер тууралуу бул жерден дагы окусаңыз болот:

Менин көңүлүмдү калтырса мейли го, балдар чоңоюп соз түшүнүп калышты

Кайын энем ооруп калсам эле уруш чыгаргысы келе берет. Эмнеге мындай?

Бөлүнөлү десем, кайын энем ынабай жатат. Эмне кылышым керек?

0
Пайдалуу жооп
Эксперттин жообу
11.06.2020, 15:13

Асель Баимбетова

Психолог

Саламатчылык. Сиз аябай жаш, болгону 47 жашта экенсиз. Уулуңузду кое берип өз алдынча жашоосуна мүмкүнчүлүк берсеңиз деле болчудай.

Көбүнчө уулдар апасына окшош аял алышат. Өзүңүздүн айтымыңызда да келин сизге окшош. Сиз өзүңүздөгү терс сапаттарды кабыл ала албайт окшойсуз. Экөөңөрдүн окшош кыял-жоруктарыңар көзүңүзгө оркоюп көрүнүп калат, ошого кыжырданып, ачууңузду андан чыгарып жатсаңыз керек.

Түшүнгөнүмө караганда келиниңиз экөөң тең урушчаак, же бийликти сүйгөн, көз карандысыз айымдарсыз. Сиз энелик, кайын энелик абройду пайдаланып, бардыгын көзөмөлдөп, бардыгынын сизге баш ийип туруусун каалайсыз.

Келиниңиз да сизге окшоп эркиндикти, өз алдынчалыкты каалайт. Баш ийгиси келбейт. Келинди атаандаш катары кабыл алып жататсаңыз керек, теңтуштарча айтышканыңар да балким ошондон. Сиз энесиз, сиздин ордуңуз башка, келиниңиз уулуңуздун аялы, анын орду башка. 

Уулуңузду кое беригиңиз келбесе, анда келин менен тил табышканга аракет кылыңыз. Жок, анте албайм десеңиз, анда аларды өзүнчө бөлүп, келин менен сый мамиледе болуңуз.

Конфликти күч, кысым көрсөтүү аркылуу чечпестен, редакцияга кайрылып башка жолдорун издеп жаткандыгыңыз мени кубандырды. Бул аракетиңиз үчүн сизге болгон сыйлоо сезими пайда болду.

Эстүү аял окшойсуз, менимче, бул көйгөйдү чечүү сиздин колдон келет.

Ийгилик!

Сиз үчүн Айрым энелер уулдарын “психологиялык күйөөсүнө” айландырышат деген макала пайдалуу болот болуш керек, окуп көрүңүз.

Психолог Асель Баимбетова менен инстаграмдагы @psihologiya_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Үй-бүлөлүк мамилелер тууралуу бул жерден дагы окусаңыз болот:

Менин көңүлүмдү калтырса мейли го, балдар чоңоюп соз түшүнүп калышты

Кайын энем ооруп калсам эле уруш чыгаргысы келе берет. Эмнеге мындай?

Бөлүнөлү десем, кайын энем ынабай жатат. Эмне кылышым керек?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт