// //

Бред Питт: Эркектер, менин бул каталарымды кайталабагыла!

2018.12.03, 16:23
2610

Акылдуурак болгонумда, ал кетмек эмес...

Никеде болгон жана эмне айтып жатканын жакшы билген адамдан 18 кеңеш.

  1. Дайыма аялыңарга кам көргүлө

Аялыңардын жүрөгүн белекке алдыңар. Ал силерге ишенип берилген баалуу кенч. Сүйүүңөрдү бөпөлөгүлө. Сүйүктүүңөргө сезимиңерди билдиргенден жалкоолонбогула.

  1. Өзүңөрдүн жүрөгүңөрдү коргогула

Өзүңөрдү да сүйгүлө, жашоо кандай болсо, ошондой кабыл алгыла. Жүрөгүңөрдө аялыңардан башка эч ким кире албаган орун болсун. 

  1. Кайра-кайра аялыңарга ашык болгула

Силер сөзсүз өзгөрөсүңөр. Он жыл мурун бири-бириңерди сүйгөн адам боюнча калбайсыңар. Кайрадан ашык болушуңар керек. Аялыңар өмүр бою силер менен болууга милдеттүү эмес. Ага кайдыгер мамиле кылсаңар жүрөгүн башкага берип коёт, аны түбөлүккө жоготуп аласыңар. Биринчи жолугушууда кандай карасаңар, күн сайын ошондой көз караш менен карагыла.

  1. Жакшы сапаттарына басым жасагыла

Аялыңардын кемчиликтерине маани бербегиле. Кадыр-баркына көңүл бурсаңар – сүйүңөр өчпөйт. Унутпагыла: силер бактылуу адамсыңар, себеби мыкты аялыңар бар.

  1. Аны өзгөртүүгө аракет кылбагыла!

Турган-турпаты менен сүйгүлө. Ал өзгөрө турган болсо, жакса да жакпаса да сүйгөнгө аракет кылгыла.

  1. Жоопкерчиликти өзүңөргө алгыла

Силерди бактылуу кылуу – аялыңардын гана жумушу эмес. Бактылуу болуп, койнуңар кубанычка батпай туруш үчүн өзүңөр да аракет кылгыла.

  1. Аялыңарды эч качан күнөөлөбөгүлө, эгерде...

...ачууланып же капа болуп жатсаңар. Булар силердин эмоцияңар.

  1. Жөн гана ал менен болгула

Ал капа болуп же кайгырып жатканда, силердин милдетиңер – колдоп, баары жакшы болоорун айтып, таянаар тоосу экениңерди көрсөтүү.

Аялдын жан дүйнөсү – шамалдын кичине үйлөшүнөн өзгөргөн сезимдерге толгон. Күчтүү болгула, табалабагыла, көйгөйдү чечүүгө аракет кылбагыла, жөн гана жанында болгула. Ошондо гана ал силерге ишенип, жан дүйнөсүн ачат.

  1. Олуттуу жана катуу болбогула

Дайыма жылмайып жүргүлө. Башкалардын гана эмес, өзүңөрдүн үстүңөрдөн күлгөндү үйрөнгүлө. Аны күлдүргөнгө аракет кылгыла. Күлкү ар бир көйгөйдү чечүүгө жардам бере алат. 

Аны изилдегиле – өзүн сүйүктүү сездире турган 10 нерсенин тизмесин түзүп беришин сурагыла.  Аларды эстеп калгыла, күнүмдүк турмушта колдонгула. Аялыңар өзүн ханыша сезсин.

  1. Жетиштүү убакыт бөлгүлө

Ал менен болгондо башка эч нерсе тууралуу ойлонбогула.

  1. Акмак болбогула!

Жашоодо көп ката кетиресиңер. Маанилүүсү алардан сабак алып, андан ары алдын алуу. Албетте, идеалдуу эмессиңер, болгону аялыңарды капа кылбаганга аракеттенгиле.

  1. Анын өз мейкиндиги болуш керек

Аял ойлонбостон туруп баарын үй-бүлөсүнө, балдарына берет. Күчүн калыбына келтирүү үчүн убакыт жана жеке мейкиндик керек. 

  1. Аялуу болгула

Аялыңар менен коркууңар жана сезимиңер менен бөлүшүүгө даяр болгула, катаңарды моюнга алганды билгиле.

  1. Аны менен чынчыл болгула

Анын ишенимине ээ болгуңар келсе, баары менен бөлүшүүгө даяр болгула. Айрыкча көпкө чейин катып жүргөн нерсеңерди. Сүйүктүү адамыңарга толугу менен жүрөгүңөрдү ачып, эл билбеген бурчтарына киргизүү үчүн эр жүрөктүүлүк керек.

Эр жүрөктүү экениңерди көрсөтсөңөр -  ал силерди андан да катуу сүйөт. Маскаңарды чечпесеңер, чыныгы сүйүүнү толугу менен сезе албайсыңар.

  1. Аялыңар менен бирге өскүлө

Булчуңдарды иштетпесеңер атрофия болуп калат (шал). Мамиле дагы ошондой. Максатыңарды таап, ага чогуу баргыла.

  1. Акча жөнүндө көп тынчсызданбай эле койгула

Акчага оюн учурунда ээ болосуңар. Эсиңерде болсун – силер бир командада ойнойсуңар. Бири-бириңерге каршы чыкпагыла. Ким биринчи болот дебей, жеңиш үчүн бириккиле.

  1. Кек сактабагыла

Өткөндөр келечегиңерге таасир тийгизбесин. Нааразычылыктардын, каталардын туткуну болбогула. Бул жүктөрдү өзүңөр менен алып жүрбөгүлө. Алар алдыга жылууга мүмкүнчүлүк бербейт. 

  1. Ар дайым сүйүүнү тандагыла!

Акыр-аягы, бул үйрөнүш керек боло турган жалгыз кеңеш. Бул принципти кармансаңар, никеңерге эч нерсе тоскоол боло албайт.

Нике – бул "хеппи енд" эмес, а оор эмгектин башталышы.

Нике – бул оош-кыйыштан турган жашоо. Күн сайын кайрадан ашык болуп, мамилени бир кыштан коюп куруу керек.

Сизде бул тизмеге кошо турган бир нерсе барбы? Бред Питтин пикирине кошуласызбы?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт