// //

Атаң апаңды уруп жатса эмне кылуу керек? Адистер кеңеш берет

2020.06.09, 14:24
1865

Үй-бүлөдөгү зомбулук – эки адамдын ортосундагы гана эмес, мындай кырдаалда ар дайым жабырлануучуга айланган балага карата зомбулук дагы болуп саналат. Атаң апаңды уруп жатса эмне кылуу керек? Bilesinbi.kg адистерин кеңешин сунуштап, кандай иш-аракеттерди аткаруу керек экенин айтып берет.

Алгач эмне кылуу керек?

Психолог Перизат Асылбаева атасы апасына зомбулук көрсөткөн балдар коопсуздукту сезбей турганын айтып, төмөнкүлөргө токтолду.

- Биринчиден, атаңар менен соо кезинде сүйлөшкүлө. “Ата, мен аябай ыза болуп жатам. Апам экөөңөр тең мен үчүн маанилүүсүңөр, бирок апама кол көтөргөнүңүз зомбулукка жатат, мен буга каршымын”,-деп айтып көргүлө.

Экинчиден, 111 акысыз  “Балдар ишеним телефонуна” кайрылып, психологдон кеңеш алгыла.

Үчүнчүдөн, апаңар менен сүйлөшкүлө. “Апа, зомбулуктан баарыбыз жабыркап жатабыз. Менин жүрөгүм ооруп турат, бул үй-бүлөдө жашоо биз үчүн кооптуу болуп жатат. Келиңиз чогуу чечим чыгаралы, 111ге чалып көрсөңүз” дегиле. Балким, апаңар 111ге чалып, психологиялык кеңеш алып, күчтөнүп, жакшы бир чечимге келет.

“Балдар үчүн ишеним телефону” борборунун директору Марина Джапаркулова борборго кайрылган жарандарга психологиялык гана жардам көрсөтүлүп тим болбостон, тиешелүү иш-араткеттер көрсөтүлөрүн кошумчалай кетти.

- Ата-эне тарабынан зордук-зомубулук көрүлүп жатса, баланын өзү менен мүмкүнчүлүк болсо ата-энеси менен сүйлөшөбүз, кээде ички органдар кызматына кайрылабыз. Андан кийин кайрылган абоненттин жашаган жеринде иш алып барган Эмгек же социалдык башкармалыгына билидирүү жөнөтөбүз. Алар ошол жерге барып, иш жүргүзүшөт.

Биз билдирүү жөнөтүп тим калбайбыз. Тапшырма берген мекемеге кайра чалып, кандай иш жүргүзүлдү деп, жыйынтыгын сурап турабыз. Чалган абонент менен да байланышып: Эмне болду? Өзүңдү кандай сезип жатасың? Дагы кандай жардамга муктажсың? – деп сурайбыз.

Зордук зомбулуктун курмандыгына, кээде зордук зомбулук көрсөткөн адамга да психологиялык жардам көрсөтүү керек болуп калат. Региондордо атайы психологдордун координаттары бар. Балдар менен иштешкенге жолдомо беребиз. Алар абоненттер менен байланышып, аларга психологиялык жардам берип, консультация өткөрүшөт.

Бишкекте болсо “Балдарды колдоо борборунун” даректерин, телефон номерлерин берип,  ошол жерге кайрылууну сунуштайбыз.

Кандай аракеттерди аткаруу зарыл?

Юристтер зомбулукка кабылган адамдарды алгач милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылуу керек экенин айтышат. Мисалы, 102 номерине чалса, аймактык милиция ошол замат келип, зомбулук көрсөткөн адам менен тиешелүү иш аракеттерди алып барып, үй-бүлөгө коргоо ордерин берет. Бул ордер эмнени түшүндүрөт? Милиция түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, зомбулук көрсөткөн адамдан “эч кимге зордук көрсөтпөйм” деген убадасын кагаз түрүндө алып, кол койдурат. Алгач коргоо ордери үч суткага берилет, кайра мурдагы адатын баштаса бир айга узартылат. Такыр эле болбосо, камакка алынып, жоопкерчиликке тартылат.

Кайда барса болот?

Көпчүлүк учурда жабырлануучу барар жери жок, баарына чыдап жүрө берет. “Сезим” кризистик борборунун юристи Ракия Рахматова эгер бара турган жери жок болсо, борборго келип белгилүү мөөнөткө чейин акысыз жашаса болорун айтты:

- Эгерде үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылсаңар, “Сезим” кризистик борборуна кайрылсаңар болот. Бул жактан акысыз юридикалык, психологиялык, социалдык жана медициналык жардамдар көрсөтүлөт. Бара турган жери жок кыз-келиндер борбордун шелтеринде белгилүү бир убакка чейин жайгаштырылат. Ал жерден дагы укуктук, психологиялык/психотерапиялык жана  социалдык жардамдар көрсөтүлөт. Шелтер аялдардын балдары менен жашоосуна ыңгайлашкан.

Юрист сөзүнүн аягында  зордук-зомбулук бул денеге гана келтирилген залакат эмес экенин айтты.

- Психологиялык зордук-зомбулук – бул ур-токмок көрсөтпөстөн, психологиялык жактан басмырлоо. Экономикалык зомбулук – иштебей балдары менен үйдө отурган аялдарга күйөөсү акча бербей, берсе дагы санап берип, кысымга алуу болуп саналат. Мындай учурларда дагы адистерге кайрылып, жардам алуу зарыл.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт. Ош улуттук драма театрынын актрисасы Кайыргүл Жуманова үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу образ жаратып жаткан учур. (Үсөн Акундун сүрөтү).

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт