// //

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисинин (ОМС) эмне кереги бар?

2018.12.03, 13:54
5846

КРнын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун башкы адиси Абдылдаев Жолдошбек жана адис Базарбаева Болотайым түз эфирибизде конокто болуп, окурмандардын суроолоруна жооп берди. 

ММК Полиси деген эмне?

ММК Полиси (ОМС) – жеңилдетилген медициналык кызмат алууга укук берген документ. Полистин ээси камсыздандырылган болуп эсептелет.

Кайдан алса болот?

ММК Полисин сатып алуу үчүн үй-бүлөлүк дарыгерге же ММК фондунун аймактык башкармалыктарына кайрылып, паспорт көрсөтүп, арыз жазып, милдеттүү медициналык камсыздандыруу төгүмүн төлөө керек. Полистин баасы 1200 сом, иштөө мөөнөтү ММКга төгүм төлөгөн күндөн тартып 15 күндөн кийин күчүнө кирет жана 12 айга жарактуу.

Жоготуп алса эмне кылуу керек?

ММК Полисин жоготуп алган учурда дарыгерге же ММК фондунун аймактык башкармалыгына арыз менен кайрыласыз. ММК Полисинин жуп нускасын алуу үчүн ММК фондунун аймактык башкармалыгынын кассасына 18 сом төлөйсүз. 

ММК фондунун ыкчам байланыш номуру - 113 (чалуу акысыз)

ММК Полиси бар адамда кандай артыкчылыктар пайда болот?

Камсыздандырылган жарандар үчүн жеңилдетилген медициналык кызматтар көрсөтүлөт:

- кечиктирилгис кырдаалдарда акысыз медикаменттик жардам;

- лабораториялык жана диагностикалык изилдөөлөр (кош төлөм 50%);

- базалык лабораториялык изилдөөлөр акысыз (кандын жалпы анализи; зааранын жалпы анализи жана кандын тунмасынын микроскопиясы; уретралдык жана вагиналдык мазоктун микроскопиясы; какырыктын анализи (мазоктун микроскопиясы); кандагы жана заарадагы канттын өлчөмүн аныктоо; ЭКГ);

- шашылыш жана пландуу ооруканага жаткырууда жолдомо болсо, кош төлөмдүн жеңилдетилген деңгээли;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Жашоо үчүн маанилүү дары-дармек каражаттарынын тизмесинин негизинде дары-дармек менен камсыз кылуу;

-  кымбат баалуу изилдөөлөрдөн башка лабораториялык жана диагностикалык изилдөөлөр (перифериялык тамырлардын, баш мээсинин жана ички органдардын тамырларынын ангиографиясы; жүрөк кемтигинде ангиокардиография; гемосорбция; гемодиализ; компьютердик томография; коронарография; плазмоферез; ядролук-магниттик-резонанстык томография; литотрипсия).

Ооруканага жаткырууда жолдомосу жок болсо, бейтаптардын каражатынын эсебинен төлөнөт.

Кененирээк маалымат ММК Фондунун расмий сайтында.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт